Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эскиче ойлонгон Кайрат Иманалиевдин улуттук идеология менен иши жок

Эскиче ойлонгон Кайрат Иманалиевдин улуттук идеология менен иши жок

30-январь, 09:00
458 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Отуз жылдан бери КТРК комитет, компания, дирекция болуп макамын көп жолу жарлык менен өзгөртсө да, баягы эле “кара үкөк” бойдон калууда. Төрт ай мурда “улуттук” деген макам алды. Бирок, программалардын мазмуну, формасы баягы эле бойдон калды. “Көнгөн адат калабы” дегендей, КТРК коммунисттердин заманындагыдай жаңы салынган мектептерди, жолдорду жана башка курулуштарды көрсөтөт, бирок адамдарды жана алардын турмушун, тагдырын чагылдырбайт. Кайрат Иманалиев келгени УТРК ого бетер артка кетти. Телекомпанияны өнүктүрүү боюнча анын программасы, долбоору да жок, журналисттер болсо эскиче эле иштеп жатышат. Куру чечен эмеспи, Кайрат Иманалиев УТРКда өткөн ар кандай кечелерге, юбилейлерге, салтанаттарга алпаруучу болуп алган. Ал маданият министри болуп иштеп турганда өзү жумушчу топ түзүп, айча бел аспиранткаларды жандаган кашка баш профессорлордун көмөгү менен “Инсандын руханий, адеп-ахлактык калыптануусу жана дене тарбиясы” деген концепция жазылып, анысы президенттин жарлыгы менен күчүнө кирген. Бул өлкөбүздүн ички саясатынын эң негизги багыттарынын бири. Бирок, эскиче иштеп көнүп калган Кайрат Иманалиев инсандын руханий өнүгүүсүн четке жылдырып, УТРК “Анкалайф” жасалма уруктандыруучу фирмасынын жарнама кылуучу трибунасына айланган. Бул анын “ички саясат менен ишим жок” дегениби, же “өлкөнүн инсандын руханий дүйнөсүнө арналган идеологиясын жүргүзбөйм” деп моюн толгогонубу? Айтор, улуттук идеология менен иши жок... 

"Азия Ньюс" гезити 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер