Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медербек Саидов: “Күздө жаңы премьер-министр шайланып калышы мүмкүн”

Медербек Саидов: “Күздө жаңы премьер-министр шайланып калышы мүмкүн”

05-февраль, 13:49
1 753 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Башкаруу органдарынын бириктирилиши туура болдубу? Ал жердеги биригүүлөр эмнеге негизделгенин аңдадыңызбы?

-- Садыр Жапаров президенттикке киришүүнүн алдында “биз жаңы Кыргызстан курабыз, өлкө өнүгүү жолун таап, бир канча бирин-бири кайталаган органдар, министрликтер, жоюлуусу мүмкүн экенин айтып келген. Албетте, кыскартууларга баруу керек жана муну туура катары эсептейм. Бирок, кээ бир министрликтердин бириктирилүүсү туура эмес. Мисалы, каржы полициясын ички иштер министрилигине кошуу калпыстык. Ансыз деле ички иштер министрлигинде жумуш көп. Каржы полициясын өзүнчө калтырып, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жол ачуу керек. Себеби, ичинде иштеп жүргөн кадрлар ошол жаатта адистештирилген. МККты ички иштер министрлигине кошуу да таптакыр негизсиз чечим. Ансыз да ИИМдин курамында болуп эффективдүү иштей алышкан эмес. Көптөгөн бюрократиялык тоскоолдорду жаратып, коррупциялык иштерге көп аралашкан. Каржы жана экономика министрлигинин биригүүсү менен Улукбек Мариповдо киреше бөлүгүн күчөтүү ниети болсо керек. Бирок, экономика министрлиги стратегиялык маанидеги министрлик, бул жерде экөөнү эки бөлөк калтыруу керек болчу. Дагы айтсак, УКМКнын алдындагы АКСти жоюп, өзүнчө тергөө органын көз карандысыз кылып түзүү керек да

-- Кыскартуулардын эсебинен бюджетке түшө турган акчалар менен жыртык бүтөлөбү, же тескерисинче, бюрократия күч алып, коррупция гүлдөйбү?

-- “Кыскартабыз деп атып, балким тыртык кылып деле алышыбыз мүмкүн. Бир тарабынан үнөмдөшүбүз дагы ыктымал. Бул жагын эки бөлүп кароого болот. БиринчиденСадыр Жапаров айткандай, 48 министрлик, агенттиктер, ведомстволор жоюлуп, өлкө казынасына миллиарддаган каражат үнөмдөп калабыз. Бирок сапаты өзгөрөбү? Бюрократия жоюлабы? Жемкорчулук азаябы?” деген суроолор туулат. Эгерде башкаруу институту ишбилги, күчтүү кадрларды тандап алса, балким эффект болушу мүмкүн. Бирок авторитардык өлкөдө эч качан алгылыктуу, коррупциясыз же бюрократиясыз башкаруу орнобойт. Экинчиден, министрликтерди улам текшере бербестен өз эркине коюу зарыл. Жогору жактан басым-кысымды токтотуп, күчтүү идеялары болсо аткаруусуна бөгөт койбоо керек. Бизде ар дайым министрликтерге басым кылып турушкан.

-- Жумушсуздардын саны бир топ эле өсөт окшойт. Бул социалдык чыңалуунун башаты болуп калбайбы?

-- Учурда статкомитеттин маалыматына таянсак, Кыргызстанда жумушсуздук калктын 20%ын түзөт экен. Бул дагы өкмөттүн туура эмес кадрдык саясатынын негизинде өскөн. Мамлекеттик ишканаларга тажрыйбасы аз адистер тартылып, акыры банкротко учурапкөптөгөн адамдар жумушсуз калышкан. Эгерде кыскартуулар менен жумушсуздук күчөйт деп карап тура берсек, күчтүү, сапаттуу кадрлар эч качан тандалып келбейт. Менин оюмча, бүт башкаруу органдары кадрдык тандоолор аркылуу экзамен менен келүүлөрү керек. Бизде көптөгөн кадрлар тааныш-билиш аркылуу тандалып келген. Ал жерде баары эле тажрыйбалуу адистер эмес болчу да.

-- Эми өкмөттүн иши качан башталат? Бири-бирине документтерди өткөрүп берүү жумуштары канчага чейин созулушу мүмкүн?

-- Өкмөт өз ишин тез арада баштоо керек. Алдыда айыл чарбалык иштер келе жатат. Экономикабыз артка кетип, инфляция өсүүдө. Тамак-аштын баасы өсүп, экспорт токтоп турган учуру. Өкмөт тез арада социалдык жана экономикалык, чарбачылык иштерин жүргүзүүсү шарт. Документтештирүү же биригишүү процесстери акырындап улана берет. Менимче, ал иштер жазга барат.

-- Бул реформаларды ишке ашыруу үчүн саясый туруктуулук жана укуктук негиздер жетиштүүбү?

-- Саясый туруктуулук биринчи орунда турат. Эгерде укуктук жагын карасак, азыркы өкмөт өзүнүн толук иммунитетин жаңы мыйзамга кол коюлгандан кийин алат. Ага чейин убактылуу болушу мүмкүн. Алдыда парламенттик шайлоолор келе жатат. Балким күздө жаңы премьер-министр шайланып деле калышы мүмкүн. Азыртан так кесе айтуу эрте, күтүүсүздөн баары өзгөрүп кетүүсү мүмкүн экенин 6-октябрда баарыбыз көрдүк. Өкмөткө 100 күн убакыт берели. Садыр Нургожоевич айткандай, ишбилги адамдар келди. Аларга шанс берели. Элдин сынынан өтсүн. Бирок, улам алмашылган өкмөт сырттан келген инвесторлорду туруксуздугу менен качырып алышы толук ыктымал. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер