Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кундуз Жолдубаева: "Атамбаевдин жүзүндө жылмаюу, көзүндө өрт бар"

Кундуз Жолдубаева: "Атамбаевдин жүзүндө жылмаюу, көзүндө өрт бар"

19-март, 17:16
5 294 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кундуз айым, Кой-Таш окуясы боюнча сот иштери башталганы коомчулуктун кызыгуусун жаратууда. Саясый кырдаалга да таасир этсе керек...

-- Албетте. Бул саясый өңүттөгү иш. Ошол себептен коомчулуктун кызыкчылыгы зор. Ар тараптуу күчтөр да «эмне болуп кетер экен» деп көз кыйырын салып турушат. Айыпталуучулар – экс-президент, Жогорку Кеңештин эки депутаты, мурдагы депутаттар жана президенттин аппаратынын мурдагы башчысы, УКМКнын мурдагы кызматкери жана башкалар. 23-мартта биринчи соттук териштирүү башталат. Алмазбек Атамбаев өз позициясын билдирди, ал соттук процесстерге сөзсүз катышат. Бул да элдин бүйүрүн кызытып, бийликтин кооптонуусун жаратууда. Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү коомчулуктагы нааразычылыктарды күчөтүп, саясый туруктуулукка өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондон улам, соттук процессти жабык өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул төмөнкүдөн кабар берет – бийлик Атамбаевден жана өз элинен коркот! Абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митингин кандай жол менен таратышты? Иттерди агытып, ок чыгарып, элдин дагы бир жолу ызасын келтиришти. 8-мартта аялдардын укугун коргоп чыккан тынч жүрүштү чагымчыл күчтөрдү пайдаланып, болтурбай коюшту. Жарандык укуктар тепселенди. Кыргыз эли кордукка чыдабайт. Саясый кырдаал курчуп баратат. Бир сөз менен айтканда, Акүйдөгүлөр өздөрүн өзү аңга түртүп бараткандай…

-- Сот процессин ачык залдан өткөрүүгө, элге түз эфир аркылуу жеткизүүгө шарт түзүп берсе болот беле? Же кооптоно турган маселеби?

-- Болмок тургай, бул мыйзамдын талабы. Президент Сооронбай Жээнбековдун «соттор эми ачык өтөт» деген сөзүн эки кылып жатышпайбы. Ажонун сөзү бекем болуш керек. Айткандан кийин аткарылышы абзел. Болбосо, бул да бийликке болгон элдин ишениминин жоголушуна шарт түзөт. Айыпталуучулар соттон сурандык, териштирүүнү ачык кылып, керек болсо элдин баары күбө боло алгандай шартта өткөрүүнү. Бирок, судья Марат Сыдыков буга ынабады. Албетте, чечимди өзү кабыл алган жок, ал түшүнүктүү. Саясый буюртма бергендер башка жакта. Бирок Акүйдү алаңдап карап, мыйзамдарды одоно бузуп, адамдардын тагдыры менен ойноп отуруп, эртең ошол айыпталуучулардын ордунда болуп калышын эч кимиси унутпаса… “Бул иш сотто кыйрайт” деп биз айтып эле келе жатабыз. Анткени, коюлуп жаткан айыптардын бирөө дагы фактылар менен тастыкталган эмес. Жөн гана тергөө менен кызматташууга барган адамдарга тергөөчүлөр жазып берген жалган көргөзмөлөрдүн негизинде бийликти күч менен басып алуу сыяктуу жана башка оор беренелер менен айыптар тагылып жатат. Тергөө бир тараптуу жүргүзүлгөн. Мыйзамсыз штурмга буйрук берген күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин иш аракеттерине укуктук баа берилип, жоопкерчилиги каралышы керек эле. Андай болгон жок. Ушуга окшогон тергөөнүн алешемдиктери оркоюп көрүнүп калат (!) деген кооптонуу менен териштирүүнү жабык өткөрүүнү туура көрүштү. Биз сотто күнөөбүз жок экендигин далилдейбиз. Албетте, бүгүнкү кырдаал, система өзгөрмөйүн адилеттүүлүктү күтүп болбойт. Ошентсе да мыйзамдуу аракетибизди жумшайбыз. 

-- Дал ушул резонанстуу иш боюнча түрмөдө отургандар менен үй камактагылардын айыптарында кандай айырмачылыктар бар? Баш-аягы канча адам соттолгону турат?

-- Азыр үй камагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана мен. Бизди да жаңы жылдын алдында СИЗО-1 тергөө абагына камакка алууну суранышып, сотко алып барышты. Бийлик үч кыз менен күрөшүп калса, анда ишинин бүткөнү турбайбы деп шылдың болушту. Коомчулук бир сыйра дүрбөлөңгө түштү. Журналисттер – менин кесиптештерим, жарандык активисттер чоң колдоо көрсөтүштү. Баардыгыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Эки депутатка эки оор берене менен айыптар коюлуп жатат – бийликти күч менен басып алуу жана барымтага алуу. Мага оор жана өтө оор 7 берене менен айыптар – бийликти күч менен басып алуу, барымтага алуу, курал-жарактарды уурдоо, бийликтин өкүлүнө күч колдонуу жана башка. Баардык жерде мени уюштуруучу жана жетекчи катары көрсөтүшкөн. Бул акылга сыйбаган нерсе. Бир чети күлкүң келет. Баардыгы Кой-Таш окуясы боюнча 19 адам күнөөлүү деп табылып, анын бешөө аларга көрсөтүлгөн катуу кысымдын кесепетинен тергөө менен кызматташууга кетти. Алардын иши сотто өзүнчө каралат. 

-- Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлап, кан басымы түшүп кеткени коомчулуктун көңүлүн бурдурган. Соңку убакта абалы кандай?

-- Ооба, экс-президенттин кан басымы бир топ төмөндөп, өмүрүнө коркунуч туулду. Темир тордун артында, күндүн көзүн көрбөй ушунча убакыт жалгыз жатуу оңой эмес. Алмазбек Атамбаевдин өмүрүнүн кепилдиги толугу менен бийликтин мойнунда. Кокустан бир нерсе болуп кетсе, эл кечирбейт. Бирок, Алмазбек Шаршенович күчтүү адам, ал канчалык кыйналып турса да билдирбейт. Баардык кыйынчылыктарга туруштук берип, жеңүүчү болуп чыгат. Акыркы жолу жана жети айдан бери биринчи жолу соттук уктурууга келгенде көрүштүк. «Мага эмне сарсанаа болосуңар, сарсанаа болуп кереги жок. Тескерисинче, мен силерге сарсанаа болуп жатам» деди. Баягысындай эле жүзүндө жылмаюу, көзүндө өрт. Ал адамдын миссиясы али да бүтө элек. 

-- Саясаттан, кысымдардан чарчаган жоксуңбу? Мындан аркы пландарың кандай?

-- Саясаттан эмес, интрига, көралбастык дегенден чарчадым. Саясатты деле ачык, таза жүргүзсө болот, адамдык касиеттен кетпей. Каршылашыңды да сыйлай билиш керек, пастыкка такыр эле түшүп, ушак-айың, жалган жалааны курал кылбай. Кысымдан эч качан корккон эмесмин, коркпойм дагы. Күрөшсөм, аягына чейин барам. Өлсөм, туруп өлөм. Бир ишти баштап коюп, орто жолдон таштап  басып кеткен менин табиятыма туура келбейт. Өлкөдө болуп жаткан мыйзамсыздыкка, жарандык укуктардын тебеленип-тепселишине каршы тура бермекчимин. Системанын реформасын айтып келгем, дагы да айта берем. Убагы келгенде ошол реформаны ишке ашырганга күч-аракетимди жумшайм. Ошондуктан парламенттик шайлоого барам. Албетте, бийлик шайлоого катыштырбоо максатында сотту эрте бүтүргөнгө бүт аракетин жумшайт. Эгерде алдыдагы шайлоо бийликтин кыйрашына алып келбесин каалабаса, анда Акүй оюндун шартын өзгөртүүсү абзел. Жасалма эмес, анык оппозициянын парламентке келишине мүмкүнчүлүк түзүп бериши шарт. Кырдаал сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү астында да өзгөрүп кетиши толук мүмкүн. Бул жагдайды да эстен чыгарбашыбыз керек. Мамлекетти жоготуп алуу коркунучун алдын алуу зарыл. Ошондуктан азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун мойнунда чоң жоопкерчилик жатат. Бийлик ушул күнгө чейин көп эле ката кетирди, эми ар бир чечимди кабыл алардын алдында терең ойлонуп, стратегиялык кадамдарга барышы абзел. Улуттун, өлкөнүн тагдыры оюнчук эмес.


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер