Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамат Айбалаев, экс-губернатор: “Президенттин облустардагы өкүлдөрүн жоюп салса болот”

Мамат Айбалаев, экс-губернатор: “Президенттин облустардагы өкүлдөрүн жоюп салса болот”

10-июль, 21:00
1 150 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мамат агай, Тажикстан Республикасы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду экинчи ирет жогорку деңгээлде тосуп алды. Мунун баары чек ара чечилип, достук күч ала баштаганын айгинелейби?

-- Биздин бийликтегилер да Тажикстандын президентин жогорку деңгээлде тосуп алышкан. Тажикстандын бийлиги дагы экинчи ирет татыктуу түрдө урмат-сыйды жасап, мамиле кылууда. Мунун баары чиеленген маселелер акырындык менен чечилип, коңшу мамлекеттердин достук алакасы күчөп баратканын билдирет.

-- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жоюп, акимдерди түз өкмөт менен иштешкидей кылса болобу? Губернаторлордун пайдасынан зыяны көп эмеспи?

-- Президенттин облустардагы өкүлдөрүн жоюп салса болот, бирок башка варианттары менен салыштырып көрүү керек. Эгерде райондорду жойсо, кандай каралат? Кайсы жагынан мамлекетке, элге да пайдалуу?.. Кыскасы, эсептеп, тактап туруп, кайсы вариантынан пайда көбүрөөк келсе, анан чечим кабыл алыш керек. Менин колумда республиканын бюджети боюнча маалымат жок да, ошон үчүн пайда-зыянын так айталбай жатам. Болбосо цифралар менен көрсөтүп берет элем.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер