Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Элдар Абакиров: “Батыш Россия менен мамилесин дээрлик жокко чыгаргандай...”
Элдар Абакиров: “Батыш Россия менен мамилесин дээрлик жокко чыгаргандай...”
29-апрель, 12:00

Экономика министринин мурдагы орун басары менен маек.
Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дональд Лу Кыргызстанга келип, бир катар жолугушууларды өткөрдү. Ал президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап, жергиликтүү блогерлер менен да жолугушту.
-- Дональд Лунун Бишкекке болгон сапары тууралуу кандай ойдосуң?
-- Буга чейин Россия менен Европанын көп эле аласа-бересеси бар болчу. Мындан улам бизге келип, “Россия менен кызматташпагыла” дегенге алардын моралдык укугу жок эле. Бирок согуш башталганы Россияга көптөгөн санкциялар салынды, Батыш бул өлкө менен кызматташуусун дээрлик жокко чыгаргандай. “Эгер биз менен экономикалык мамилени күчөткүңөр келсе, анда Россияга санкцияларды аттап өтүүгө жардам бербегиле, согушка көмөктөшчү товарды алып өтүүгө курал болбогула, же санкциялар силерге да тийиштүү болот” деген маанидеги эскертүүлөр берилип жатышы мүмкүн. Албетте, Россия менен Борбор Азиянын экономикалык байланышы өтө тыгыз экенин Батыш жакшы түшүнөт."Азия Ньюс" гезити