Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Искендер Гаипкулов саясый күчтөрдү калчап, тымызын даярдана баштадыбы?

Искендер Гаипкулов саясый күчтөрдү калчап, тымызын даярдана баштадыбы?

13-январь, 19:52
623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Экс-министр Искендер Гаипкулов Россиянын айрым таасирдүү фигуралары менен байланышы бар. Бул жагы интеллигенциянын тар чөйрөсүнө белгилүү. Каарманыбыз ички-тышкы күчтөрдүн колдоосуна ээ болсо да, эки жарым жылдан бери чоң кызматка жете албады. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев министрлик креслону ыроолошкон жок. Мындай жагдайда эмне кылышы мүмкүн? Ичинен кекенген Гаипкулов сыртынан сыр билдирбей, келечекке карай даярданып атабы? Кудалары Мелис Мырзакматов менен Мелис Турганбаев бекер жеринен шыпшынып, шердене башташпаса керек... Үчөө жогорку постторду кыялданышып, бирок максаттарына жете албай келишет. Бийликке ачык каршы чыгуудан айбыгып отурушат. Назилинде Искендер мырзанын башы жакшы иштейт эмеспи, кыйчалыш кырдаалды алдыртан сезип, олуттуу саясый күчтөрдүн башын кошууга белсенип, жазында баш көтөрөбү? Өзү алдыңкы катарга чыкпаса да, “карс-күрс” кагыша тургандарды даярдайбыУшул таризде ойлондура турган суроолордун жандырмагы чечилбей турат. Негизи Искендер Гаипкулов бир же жарым жылды алдын ала ойлонору, ошого жараша иш кылары айкын. Кандай кадамга барарына саресеп салып туруу ашыктык кылбас. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер