Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таалайбек Сарыбашов кош жарандуулугу, жасалма диплому менен камалабы?

Таалайбек Сарыбашов кош жарандуулугу, жасалма диплому менен камалабы?

26-ноябрь, 19:15
1 719 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда “Ата Журт Кыргызстан” партиясы башкалардан алдыга озуп баратат. Мындай шартта мыйзамдуулук, тазалык тыкыр сакталышы керек. Дегенибиз, бул партиядагы №5 талапкер Таалайбек Сарыбашовдун кош жарандуулугу ачыкталып, талкуу жаратканы, ошол эле кезде жасалма диплому аркылуу жогорку кызматтарга көтөрүлгөнү чыр-чатакка себепчи катары чыкканычы? Дал ушул эки маселеге өзү тыңгылыктуу жооп бере албай, бийликтин адамы катары түрмөгө камалып кетүүдөн сакталып калган. Факты деген өжөр нерсе. Этеби-кечпи Сарыбашовдун кош жарандуулугу, жасалма диплому ташка тамга баскандай тастыкталса, таза шайлоонун өтүшүнө кедергисин тийгизип, бийликтин абийирин төгүп салбайбы? УКМК “Социал демократтардан” Рыскелди Момбековдун, “Бүтүн Кыргызстандан” Кыянбек Сатыбалдиевдин жасалма диломдорун көтөрүп чыгып аткандан кийин, “Ата Журт Кыргызстандан” Таалайбек Сарыбашовдун да кыңыр иштерин ачыктап, камакка алса, мына ошондо кара кылды как жарган калыстыктын үлгүсүн жаратышмак. “Бул дүйнөнүкү тиги дүйнөгө кетпейт” деген кеп бар. Элди, мамлекетти алдап, көз боёмочулук кылуу менен эч ким муратка жетпейт. Алдамчылык жол аркылуу жогорку кызматтарга көтөрүлүп, өмүрү өткөнчө кошоматтанып жүрө албайт да, туурабы? Эмесе, булактын көзүн ачкандай эле чындыкка жетели да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер