Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шумкарбек Адилбек уулу: “Кытай менен мамилебизди ар кандай ракурста караса болот”

Шумкарбек Адилбек уулу: “Кытай менен мамилебизди ар кандай ракурста караса болот”

23-февраль, 23:30
797 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин мурдагы директору менен маек.

-- Жыл өткөн сайын Кытай менен экономикалык байланышыбыз тереңдеп бара жатат. Кандайдыр бир терс таасирлер күтүлбөйбү?

-- Чынында Кытай менен байланышыбыз өнүгүп, өсүүдө. Бул маселени ар кандай ракурста: соода, саясат жаатында да карасак болот. Геосаясат жагынан болсо, Россиянын Кытайга карата соода алакасы түздөн-түз үчүнчү өлкөлөр аркылуу өнүгүп жаткан учуру. Ошол эле учурда биздин өлкөбүз Россия менен Кытайдын соода алакасын тейлеген өлкөлөрдүн катарына кирет. Кыргыз ишкерлеринин көпчүлүгү Россия, Кытайга байланышы ж.б. ушундай иш-аракеттердин негизинде соода тармагы өнүгүүдө. Соода өнүккөндөн кийин сөзсүз түрдө инвестиция маселелери да жогорулайт. Ошондуктан, биз бүгүнкү күндө тыгыз байланышты көрүп жатабыз. Албетте, эми бул оң жагынан алып карагандагы жетишкендиктер. 

-- А карама-каршылыгычы?..

-- Терс жагынан алып караганда, биздин табиятыбыз, экологиябыз боюнча маселе бар. Себеби, биздин экономиканын жана Кытайдын экономикасынын түзүлүшү ар башка. Кытайлар биздин кен байлыктарды алып чыгууда экологияны, стандарттарды талкалабаган иш-чараларды алып барып, ошолорду колдонуу менен иштесе маселе жок. Ошол эле учурда практикадан көрүп аткандай, кытай компаниялары экологиялык стандарттарды сактабай койгон учурлар бар. Бул сөзсүз түрдө биздин жергиликтүү тургундарга жакпайт. Андан сырткары, мисалы, кытай ишкерлери менен чогулуп ачкан ишкана өндүрүштүн өсүшүнө салым кошсо, бир жагынан атамекендик өндүрүшкө атаандаш болуп калабы (?) деген сыяктуу суроолор бар. Мен жогоруда белгилегендей, тоо-кен ресурстарын иштетүүдө биз өзүбүздүн кызыкчылыкты эске албай иштесек, бул тармактарда башка мамлекеттерге көз каранды болуп калган ыңгайсыз абал жаралат. Ошондуктан улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен саясат жүргүзүлсө, эки өлкөнүн кызматташуусунан Кыргызстан чоң пайда табат деп ойлойм.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер