Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Салык нааразылыгы элди толкутса, ага оппозиция “бензинди тонналап чачса” кантебиз?..

Салык нааразылыгы элди толкутса, ага оппозиция “бензинди тонналап чачса” кантебиз?..

17-март, 13:11
15 468 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Коомдук ишмерлер тобунун президент С.Жапаровго кайрылуусу)         

Садыр Нургожоевич, “Кумтөр”, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу баш болгон бир катар ири долбоорлорду ишке ашырып, экономиканы өнүктүрүп, элдин жашоосун жакшыртууга көрүп аткан мыкты аракеттериңизди кубанып колдойбуз. 

Бирок, жакындан бери салыктардын көтөрүлүшүнө байланыштуу элде нааразылыктар күчөп баратканы тынчсыздандырат. Ооба, ишкерлер салык төлөп, бюджетти көтөрүшү керек. Өзгөчө ири безнесмендерден салыкты көбөйткөн туура. Ал эми орто бизнестин кысылганы ашкере болуп аткандай. Өзүңүз да, өкмөт башчы да мисалы, кафелер 10 эсе көп төлөй баштаганын билдирдиңиздер. Ал кафелерди иштеткендер ыйлакташып, четинен ишканаларын жаап атканынан кабардар чыгарсыздар. Ушу кафелер сыяктуу орто бизнес ишкерлери экономиканын мотору, эл арасында орду Опол тоодой. Алар түп көтөрүлө нааразылык акцияларына чыгышса, кысылган башка катмар да кошулса... Ал эми оппозизицияга бул табылгыс курал, алар “быкшып күйүп баштаган отко бензинди тонналап чачышпайбы”?.. 

Негизи азыркы бийликтин багыты түз, туура. Бирок, салыкты өтө көбөйтүү ишкерлерге оорлук келтиргени абалды чыңалтып атат. Мындан улам сизди колдоп келгендер да жаны ачып, тескери кетишүүдө. Өзүңүз айткан 80 пайыз колдоочунун 10 пайызы аркы жээкке өтсө, 3 миллион шайлоочунун 300 миңин түзөт. Революцияларды 10-20 миң киши эле жасап жүргөнүн жакшы билесиз.

Биз сизге жана мамлекетке күйүп, ак санап кайрылып турабыз. Кафелер өңдүү ишканалардын салыгын 10 эсе эмес, 5 эсе көтөрүү менен чектелсеңиздер компромисс болуп, ортодогу айырманы башка булактан оңой жабарыңыздарга ишенебиз. Алдыда Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери баш болгон ири долбоорлорго миллиарддаган долларлар бөлүнгөнү турганына сүйүнүп атабыз. Экинчиден, ал салыкка алынбай калган айырма каражат өзүбүздүн эле уул-кыздардын, демек, элдин чөнтөгүндө калмакчы. 

Рамкаларга сыйбаган батыл, чечкиндүү аракеттериңизди улантып, зор ийгиликтерди багынта берүүңүздү, элдик бийликтин жолу узак жана байсалдуу болуусун тилейбиз!


Ахунбай Кошоев, Орозбек Алымжанов, Аскар Бакеев, Дөөлөтбек Шадыбеков, Өмүрзак Төлөбеков
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер