Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Жасалма жүздөгү жаштарды алдыга тизген партияларга көпчүлүк нааразы
Жасалма жүздөгү жаштарды алдыга тизген партияларга көпчүлүк нааразы
28-август, 22:02

Шайлоого аттанган партиялардын дээрлик баардыгы алдыңкы тизмелерине жасалма жүздөрдү тизишип, курулай мааниде жаштарды пиар кылышканын элибиз түшүнүп эле калышты. Алар деле чоңдордун, байлардын балдары го? Адатта, алдаркөсөлүк жоруктарга көпчүлүктүн жини келүүдө. Эртең мындай амалдарга да “кеч кирет”, анан эмне болот? Арттагы эски “чимкириктер”, ар кандай кылмыштарга шектүүлөр жылып отурушуп, кайрадан депутат болушат да, туурабы? Баягы эле эски жүздөр... Андыктан, карапайым калк бул саам алданбай, туура көз караш менен Кыргызстандын келечеги үчүн күйүш керек!
"Азия Ньюс" гезити