Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балдарыбыз кыргыз китептерин окушпаса, тилибиз, дилибиз жоголобу?

Балдарыбыз кыргыз китептерин окушпаса, тилибиз, дилибиз жоголобу?

30-август, 19:30
636 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү күндө илим менен техника күн сайын тынымсыз өсүп, улуулардын башына келбеген жаңылыктар болууда. Мындан отуз жыл илгери эле уюлдук телефон, интернет, компьютер дегенди жакшы билбейт элек. Азыр ар бир кыргыздын колунда түркүн уюлдук телефон бар. Жердин наркы бетиндеги Америка же Канададагы балдары, тааныштары менен эрикпей сүйлөшө алышат. Туугандарды, досторду той-топурга, мааракеге чакыруу да жепжеңил болуп калды. Ал эми бирөө коңгуроо чалса кааласаң сүйлөшөсүн, каалабасаң албай эле коёсуң. Бул илимдин жетишкендиктеринин артыкчылыгы. Бирок ошол артыкчылыкты өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланып, жакшы эле адамдарды ушактап, жамандагандар, пулга сатылып Арзымат болгондор, улуттарды, урууларды кагыштыргандар да аз эмес. Адамды жакшылыкка, аруулукка үндөгөн ой-пикирлер кемирээк. Интернет тармагы өзүн өзү рекламалоонун жолуна айланды. Эптеп ыр же обондорду жаратышкан жаштар достору аркылуу “чыгармаларын” учура макташканда куйкаң курушат экен. Ушундай учкул заманда мына миң жылдан ашык мезгилден бери басылып келаткан, калктын сабатсыздыгын жойгон китептерди окуунун, сатуунун абалы кандай (?) деген маселеге токтолгум келет. 

Ырас, азыр орто муундагы жана жаштардын басымдуу бөлүгү дүнүйөпараздыкка, материалдык баалуулуктарга, заңгыраган тамдарга, чет элдик автоунааларды айдаганга, чет өлкөлөргө саякаттаганга азгырылып жатышат. Бүгүнкү жаштар, келечек ээлери аларды окуткан мугалимдердин кийген кийимдерин, унааларын, жашаган жерлерин аңдышат. Карапайым турмуштагы интеллигенттерди мыскылдашат. Биз тескери заманга келип калдыкпы дейм да. Чөнтөгүңдө жетиштүү пулуң болбосо, сени ооруканада эч ким карабайт, мектеп менен бала бакчада, университеттерде да жакшы кабыл албайт. Жыйындарда, шайлоолордо деле байлардын сөзү өтүмдүү болуп турат. Атүгүл сакалчан аксакалдар да батаны акчалууларга жакшы беришет. Бей-бечараларга баргысы келишпейт. 

Ушундай шартта “биздин тоолук калкыбыздагы руханий байлыгыбыз – эне тилибизде китеп басып чыгаруунун, аны жайылтып сатуунун абалы кандай?” деген орундуу собол жаралып турат. Бүгүнкү деңгээлибизди иликтөө үчүн советтик мезгил менен салыштырууга туура келет. 1926-75-жылдарда Кыргызстанда чет элдин көркөм чыгармалары 280 жолу 4 миллионго чамалаш нускада, ал эми боордош СССР элдеринин адабияты 283 жолу 1,7 млн. нускада “Кыргызстан”, “Мектеп”, “Илим” басмаларынан жарык көргөн. Жыл сайын республикабызда миңге жакын адабий, илимий жана тарыхый, саясый китептер жарык көрүп турган. Алардын баасы бир топ арзан болчу. Гезит-журналдардын санын айтпай эле коёюн. Ар бир тармактын, район-шаардын, ири чарбалар менен ишканалардын гезиттери басылып чыкчу. 

Ушул тапта ордо калаабызда 25 басмакана катталганы менен “Турар”, “Улуу тоолор” жана “Бийиктиктен” башкасы жабылып калды. Себеби, кагаздын, боёктун, типографиялык кызматтын баасы асмандап, жазуучу-акындардын каражаты жетпей калды. Азыр илгеркидей көркөм кеңештен өтүп, талкууланып, сунушталып, айрым маалыматтары тыкыр текшерилбей эле, кимде тыйын болсо ата-тегин учуруп даңктап, санжырасын кеңейтип, экинчиден ислам динине, үчүнчүдөн ишкерликке байланышкан китептер аста-секин басылып келет. Башка диндерди пропагандалагандар да арбын. Китеп чыгарууну көзөмөлдөгөн мамлекеттик орган жок. Бирок китептердин нускасын көрүп уяласың. Илгеркидей 20-30 миң эмес, 200-300дөн чыгарышып, тааныштарына, туугандарына сатышкандар толтура. 

Кыргызстандын борборунда кыргыз китебин саткан жалгыз дүкөн Эркиндик бульварында жайгашкан. Дүкөндүн башчысы жана негиздөөчүсү Анаркан Рыскулбековна Садыкулова 52 жылдан бери ушул тармакта кабагым-кашым дебей, ар кандай тоскоолдуктарга карабай үзгүлтүсүз иштеп келе жаткан мекенчил замандаштарыбыздын бири. Ал апа илгери Лев Толстой көчөсүндөгү республикалык китеп базасында, кийинчерээк Кыргыз Совет энциклопедиясынын тармагында иштеп, нечен азап менен ушул жерди оңдоп-түзөп, китеп дүкөнүнө айлантканын угуп отуруп сыймыктанасың. Акаевдик менчиктештирүү доорунда китеп дүкөндөр да талкаланып, Бишкекте 25 дүкөндөн жалгыз ушул эле сакталып калыптыр. 1998-жылы июль айында ачылган экен. Жеке менчик эмес, мамлекеттик дүкөн. Дүкөндү мыйзамдаштыргандагы азаптарын айтса таңгаласын. Анаркан Рыскулбековнага жардам берүүнүн ордуна ар кандай шылтоо менен калаанын чок ортосундагы “майлуу жайдан” кууп чыгууну каалагандар толтура болгон экен. Чындыгында шаардын ар кай жерлериндеги дүкөндөрдү кыдырып жүрүп кыргыз китебин саткан башка дүкөндү таба албадым. “Раритет” деген аталышта “Сорос” фондунан жардам алып жан баккан дүкөндөрдө жалаң орус тилиндеги китептер сатылууда. “Кыргыз тилинде китеп барбы?” деп сурасаң, уялбай 5-6 китепти көрсөтүшөт. Дүкөндүн текчелеринде миңдеген китептер жайнап турат. 

Анаркан Садыкулова мурда айына 8637 сом коммуналдык кызматка төлөп келсе, эми 11037 сомго чыгыптыр. Дүйнөдөгү коркунучтуу таажы вирусу каптаганда карантинде жүрүп, анан табы кайтып, ооруп, карыздар 65 миң сомго жетиптир. Мамлекет дагы эле көмөк көрсөтпөй жатканын түшүнө албадым. 

“Нускада” негизинен Кыргызстанда басылып чыккан, авторлор өзүлөрү алып келип тапшырган миңдей аталыштагы 20 миңден ашуун адабий, тарыхый, илимий, саясый кыргызча китептер бар. Булардын арасында мен ысымдарын таптакыр укпаган акын-жазуучулар, публицисттер да көп экен. Окурман окубаган, кызыкпаган китепти алып келип, саргартып коюунун кандай зарылчылыгы бар? Эң кымбаты “Манас” эпосунун төрт томдугу экен. Баасы 10500 сом. Бир күндө орточо 5-6 китеп сатылат тура! “Өткөн айда канча китеп саттыңыз?” деп сурасам, эжеке уялып айтпай койду. Азыркы кезде булардын атаандаштары аябай көп. Базарларда, жер алдындагы өтмөктөрдө, жолдордун четинде, сумкасына салып алып ишкана-мекемелерге кирип саткандар четтен чыгат. Элестетип көрүңүз, Кыргызстандын борборундагы жалгыз кыргыз китеп дүкөнүндө күн сайын болгону 5-6 китеп сатылат экен. Намыстана турган жагдайбы? Дүйнөнү кыдырып жүрүп Америкада же Европада, кала берсе коңшулаш Казакстан, Өзбекстан жана Түркия, Россия өлкөлөрүндө заңгыраган заманбап имараттарда миңдеген китептер сатылып жатканын көрүп көзүң күйөт. Биздин балдар, неберелер, чөбөрөлөр кыргыз тилиндеги аңгемелерди, романдарды, ырларды, мемуарларды окушпаса, тилибиз да, дилибиз да жоголобу (?) деп кооптонот экенсин. Силер кандай дейсиңер, урматтуу окурмандар. Үн кошкула?!


Адылжан Жажанов, журналист

Телефон: 0-706-460-230 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер