Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үйлөнүү тойго деген ак көйнөгүм кийилбей калды...

Үйлөнүү тойго деген ак көйнөгүм кийилбей калды...

26-май, 11:56
1 240 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аэропорттон алгач каттоомду аяктап, анан учактын тепкичинен жогору көтөрүлдүм. Учакка алгачкы жолу отургандыктан, жүрөгүм элеп-желеп болуп, бүткөн денем титирейт. Орундугум терезенин жанында болгондуктан, сыртты карап жүрөгүм опкоолжуйт. Баардык жакшы нерселерди таштап кетип бара жатканымды ойлосом, ого бетер жүрөгүм эзилет. Бирок, мен кетип баратам. Сени таштап, алыстарга  баратам. Ак фата кийип, сага турмушка чыгуудан баш тарттым.

Тоюбузга саналуу күндөр калган. Эки тарап “келин алабыз”, “кыз узатабыз” деп кубанычтан жүздөрү нурданып, үйлөнүү тойго даярдыктары күч эле. Экөөбүз фотосалонго бирге барганбыз. Бир нерселерге алаксып жүргөнсүң. Телефонуңа тынбай каттар келип жатты. Менин окубашым керек эле. Бирок, мага айтпаган шумдук сөздөрдү көзүм чалып калды. Арман күн ай...

Мен сени бүткүл сезимим менен берилип жакшы көрүп, сени да өзүмдөй ойлоп жүрүпмүн. Бирок, биз адамдар канча жүздүүбүз? Үйлөнүү тоюбузга саналуу күндөр эле калган... Сен болсо башка кызга жалынып-жалбарып жазышып, жолугушуп да жүргөнүң айкын болду. Экөөбүз бирге жашап, бир топ күндөрдү артта калтырсак да кечирээр элем. Мен сени кечире албадым. Сезимдеримди тебелегениңди жектедим. “Үйлөнүү тойго” деп алынган ак көйнөгүм кийилбей калды. Күзгү жалбырактарга окшоп, баардык жакшы нерселер учуп түшүп, артта калганын кара. Мен эми сени таштап алыстарга, деңиз жээгине баратам... Башка тили буруу мырза мени түшүнө билсе, сүйө алса, эмнеге кол кармашпайбыз?..

Айгерим

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер