Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » "Омикрондон" улам майрамдык кечелер токтотулабы?

"Омикрондон" улам майрамдык кечелер токтотулабы?

21-декабрь, 18:18
974 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун «омикрон» деген вариантынан сактануу үчүн алдыдагы жаңы жылдык кечелерди өткөрбөй турууга чакырды.

«Өмүрдү чектегенден көрө, майрамдык кечени чектеген жакшы. Майрамдап алып, жакыныңыздын коштошуу зыйнатына баргандан көрө, кийинчерээк белгилеген жакшы» деди уюмдун баш катчысы Тедрос Адханом Гебрейесус. Ал ошондой эле баары пандемиядан чарчаганын, бирок бул апааттын аягына чыгуу үчүн мамлекет башчыларына оор чечимдерди кабыл алууга туура келерин кошумчалады.

Женевада 20-декабрда өткөн маалымат жыйында сүйлөп жатып Гебрейесус коронавирустун жаңы штаммы буга чейинкилерге караганда кыйла жугуштуу экенин жана эмделген, буга чейин ооруп айыккан адамдар да ага чалдыгып жатканын белгиледи жана жакыр мамлекеттерде аярлуу топко кирген адамдарга вакцина жетпей жаткан маалда жаштарга үчүнчү доза сайып жаткан өнүккөн мамлекеттерди сынга алды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер