Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Хасанов, адвокат: “Каныбек Туманбаевди чакырып, “уят болбой чечкин” деп ажонун айтканы эмне болду?”

Канат Хасанов, адвокат: “Каныбек Туманбаевди чакырып, “уят болбой чечкин” деп ажонун айтканы эмне болду?”

09-октябрь, 19:30
593 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Канат мырза, “Түркиянын жарандары Каныбек Түмөнбаевдин үстүнөн жазган арызын башкы прокуратура жаап койгонбу же сүйлөшүү жолу менен бүттү беле? Ажобуз бул маселени чечкиле деп айтты эле” деп пост жазыптырсыз. Түрк жарандары кайсы иш боюнча кайрылды эле? 

-- 2020-жылы түрк жарандары мени “Шератон” мейманканасына чакырып, ачылган ОсОО, берилген акчалар боюнча документтерин көрсөтүп, адвокат болуп беришимди өтүнүштү. Документтери менен таанышкандан кийин адвокат болууга макулдугумду бергем. Андан көп өтпөй алар “ажого чыктык, маселебизди айттык” дешти. “Сүйлөшүү жолу менен чечилип калса жакшы экен” дедим. Бирок, бир айдан кийин “маселебиз чечилбей кечигип атат, арыз жазууга аргасыз болуп жатабыз” деп кайра мага кайрылышты. Ишке киришкени жатсам, дагы телефон чалып, “биз маселебизди чечип алдык, ажо Каныбек Туманбаевди чакырып, “уят болбой муну чечкин” деп тапшырма бериптир” дешти. 

Мен ал постто маселени тактаганым жок, чечилген-чечилбегенин билүү үчүн гана “башкы прокуратурага бул иш боюнча арыз жазылды беле? Ажо “чечкиле” деген маселе чечилди беле?” деп гана суроо салып жатам.

-- Баса, “Ысык-Көл УВДсында Каныбек Туманбаевдин балдарына таандык жер афёрасынын иши эмне себептен токтотулган?” деген да пост жаздыңыз. Ал жакта кандай жер афёрасы болду эле?

-Месенджерге тамчылыктар чыгып, адвокат болуп беришимди өтүнүшүп, 100 гектер жерди президенттин иш башкармалыгы алып алды. Ал жерде биздин үлүшүбүз да бар болчу деп кайрылышкан. Ошол кайрылуунун негизинде пост жаздым. Менде тамчылыктар кайрылган скриншоттор да бар. Бул маселе боюнча Ысык-Көл УВДсы иш козгогон, бирок, кандайдыр бир тоскоолдук жаралганбы? Тергөөчү менен сүйлөшсөм, ал да иш токтоп калганын айтты. Мен постто эмнеге иш токтоп калды?” деп суроо коюп жатам. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер