Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ыкшоо министр Алтынбек Максүтов иштегиче маданият тармагы талкаланып калчудай

Ыкшоо министр Алтынбек Максүтов иштегиче маданият тармагы талкаланып калчудай

31-январь, 10:58
490 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов түртмөйүнчө эч нерсе жасабайбы? Болбосо ТҮРКСОЙ 2023-жылды СССРдин эл артисти (кезинде бул дүйнөлүк деңгээлдеги наам болгон), КР эл артисти Бакен Кыдыкееванын жылы (!) деп жарыялады. Биздин маданият министрлиги эмдигиче козголо элек. А Казакстандын парламент делегациясы келип, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык юбилейин өткөрүү демилгесин көтөрүп, президенттин деңгээлинде бул маселе каралды. Ал эми аталган тармак уктап жатат. Алтынбек Максүтовду ойгото турган киши барбы? Өлкөбүздө музейлердин, китепканалардын абалы андан начар, театр, клуб сыяктуу маданий очоктор мышык ыйлагыдай эле абалда калган. Аларды оңдоо Алтынбек Максүтовдун капарында да жок. Ушундай ыкшоо, шалаакы министр “өгүз өлбөсүн” деген абалда турган маданият тармагын ого бетер ойрондотот окшойт. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер