Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ширшовго таянган Иманов... Бөлтүрүктүн тагдырын кайталайбы?

Ширшовго таянган Иманов... Бөлтүрүктүн тагдырын кайталайбы?

10-январь, 21:07
777 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов эрке балага айланган кербези. Карамагына “Кыргызтелеком”, “Альфа-Телеком”, “Дастан” заводу жана “Евразия сактык банкы” сыяктуу мамлекеттик ишканаларды алганы белгилүү. Өлкөдөгү негизги кирешелүү мекемелерди башкарып, дүңүрөңдөп иштеп жаткан чагы. Артында Ширшов турса, колдоосу күч болсо, таасири артып калганы ушул да. Бир нерсени эске салып коюу керек. Атайын текшерүүчү органдар санариптик өнүктүрүү министрлигине тыкыр көзөмөл кылышы зарыл. Убагында Теңгиз Бөлтүрүккө Кумтөрдү карматып салып, анысы өз билгенин кылуу менен мамлекетке миллиондогон чыгашаларды келтирип, учурда түрмөдө отурат. Ал эми Талантбек Иманов учурда катуу өзгөрүлгөн, семирген жылкы кыялын көрсөткөн сыңарындай. Эгерде Ширшовдун тескөөсү менен иштеп атса, ханга салам бербей калса, келечеги кандай болот? Кыкеңдер бат эле көөп кетет эмеспи. Жаза басып аткан жокпу? Эртең Иманов да Бөлтүрүктүн кейпин кийип, тагдырын кайталап калбайбы? Чоң акча айланган жерден кандай чатак чыгарын элестетели. Коңгуроо кагып турган кезибиз... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер