Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кошоматтын “чапанын” Нурбек Сыдыгалиев кийбей эле койсо...

Кошоматтын “чапанын” Нурбек Сыдыгалиев кийбей эле койсо...

05-декабрь, 21:55
668 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бийликке “адвокат” болгон Нурбек Сыдыгалиевди билсеңер керек. Эркин ой жүгүрткөн депутаттар менен кер-мур айтышып, жогору жакка “жакшы көрүнүп” турбаса башы ооруйбу? Кээ бир адамдарга ушундай мүнөз сары майдай жагып, адат кылып алат эмеспи. Кызыгы, бул вице-спикерди айрым журналисттер сындап коюшса, аларга да чалып, териштирип, омуроого алгысы келгени эмнеси? Ушундай да болобу? Саясатчы элдин көзүндө, ага дайыма ачуу-таттуу сөз айтылып турушу керек. Өзүн чынтийбес сезгени жарабас. Артка кылчайсак, кайсы гана президент болбосун, алардын да жагалданган депутаттары болор эле. Бийликти сындагандар менен айтышып, талашып-тартышып, атургай жакалашууга чейин барышчу. Азыр алар кайда? Сыйга татыксыз да. Баары өтөт, кетет. Бир гана кошоматчылар элдин эсинде кандай образда каларын чечмелебей эле коёлу. Андай “чапан” чапташып, оңой менен жондон түшпөй калат. Мына ошондой жексурлуктан Нурбек Сыдыгалиев сактанса (!) деген гана кеңеш айтабыз.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер