Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Эсенгул: “Согушка каршы болгондук – дароо эле “Россияга каршыбыз” дегенди билдирбейт”

Чынара Эсенгул: “Согушка каршы болгондук – дароо эле “Россияга каршыбыз” дегенди билдирбейт”

11-апрель, 09:00
987 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чынара айым, Украина–Россия согушу бүткүл дүйнөнү ойго салды. Кыргызстан мындай учурда кандай позицияда болуш керек жана анын аргументтүү себептери?..

-- Бул жерде Кыргызстан нейтралдуу позицияда болушу шарт. Эмне үчүн нейтралдуу? Себеби, биз кайсы гана согуш болбосун каршы экенибизди билгизишибиз керек. Согушка каршы болгондук – дароо эле “Россияга каршыбыз” дегенди билдирбейт. Анткени азыркы Украинада болуп аткан согушка Батыштын да күнөөсү бар, жалгыз эле Россияныкы эмес. Украинанын да күнөөсү бар, ички себептери, чечилбеген маселелердин аягы ушуга алып келди. Биз “согуштук жол менен ушундай маселелерди чечкенге каршыбыз” дегенди билдирет элек. Башкача айтканда, өзүнүн тилин, маданиятын коргош үчүн күч колдонууга каршыбыз. Мисалы, 2010-жылы Июнь окуясын эстесек, а жерде ушундай жагдайлар болгондо, эгерде расмий түрдө Ташкент кийлигишсе, “биз ала допучандарды дискриминация кылып атат!” деп согуш башталышы мүмкүн эле да. Жалпысынан алганда, кошуна мамлекеттерге, дүйнөлүк коомчулукка мындай маселелерди согуштук жол менен чечкенге каршы экенибизди билдирели. Дагы бир аргумент, эмне үчүн биз нейтралдуу болушубуз керек? Россия күчтүү болгонго биз муктажбыз. Алар биздин баардык жагынан өнөктөш. Кайсы тармакты албайлы: экономика, соода-сатык, мейли мигранттар маселеси... Мындан сырткары, ЕвразЕС, ШКУ, ЕАЭБ ж.б. биримдиктерде биргебиз. Коопсуздук жагын алганда Кытай факторун унутпашыбыз керек, биз Россияны ар дайым Кытайга келгенде контрбаланс катары кабыл алабыз. Ушулардын баарын эске алганда, биздин кызыкчылыкта Россия болсо дейбиз. 

-- Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара маселесин кандай жолдо чечсе болот?..

-- Эгемен алган 30 жылдан бери бул маселе таккесе чечилген жок. Бу жерде ар бир мамлекет колунда бар карталарына таянып келишти. Анүстүнө биздин мамлекетте туруктуулук болбой, саясатчылардын көз караштары ар кандай нерселерге себеп болуп келди. Дүйнөлүк тажрыйбага кайрылсак, “биргеликте иштеткен аймактар” деп коёт. Чек араны маселе кылбай, чогуу башкаруу институтун иштеп чыгып, бир алакада болуу максатын көздөшөт. Бул жагдай кошуна мамлекеттер үчүн алыстыр, саясат маданияты жетишсиз деңгээлде эместир, бирок ушул вариантты колдонушса, эки мамлекет тең уттурмак эмес. Мындан сырткары, дагы бир модель – жерлерди алмашуу. Албетте, ал территориялар бири-бирине кайсы бир деңгээлде дал келе тургандай, эквиваленттүүлүккө жакын болуусу шарт. Бул да алдын ала чоң иштерди талап кылат. Эң ириде алмаша турган эки аймактын, жердин ээлеринин, коомчулуктун пикири эске алынуусу шарт. Бирок, биздикилер мындай шартка барабы?.. Көзүм жетпей турат.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер