Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» №1. Алтыбаева: “Биримдик менен баардык тоскоолдуктарды жеңебиз!”

«Биримдик» №1. Алтыбаева: “Биримдик менен баардык тоскоолдуктарды жеңебиз!”

29-сентябрь, 17:57
733 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясынын талапкери Айнуру Алтыбаеванын үгүт иш-чаралары  Ош облусунда уланууда. Ал жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууларда  партиянын программасы өлкөнүн жарандарынын конституциялык укуктарын ишке ашырууга багытталгандыгын жана саясаттын өзөгүндө социалдык адилеттүүлүк принциби тургандыгын өзгөчө баса белгилеп келүүдѳ. 

Талапкер партиянын негизги идеологиясы тууралуу “Евразия аймагында жашаган элдер эзелтеден бири-бири менен алака түзгөн, алардын ортосунда рухий, тарыхый, этникалык, маданий, саясый жана экономикалык деңгээлде кылымдардан берки тыгыз байланыштар болуп келген” деди. 

“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясынын программасында тѳмѳнкүдѳй айтылат:  “Биздин күч – биримдикте, ал эми биримдик өз ара боордоштук жардамга жана колдоого таянат. Эгерде мамилелердин негизин достук жана тилектештик түзсө, анда мамлекет үй-бүлө катары каралат жана анда ар бир адамдын баалуулугу жогорулайт”.

Талапкер Айнуру Алтыбаева “4-октябрда боло турган шайлоодо ар кайсы чагымчыл жана  жалган маалыматтарга алдырбай, элдин келечегин ойлоп,  тандоо кылууңуздарды өтүнөм. Баарыбыз бир болуп, алдыга кадам таштайлы. Биримдик  менен бардык тоскоолдуктарды жеңебиз!” деди.

«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер