Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саясатчы Канатбек Исаев шаардан талапкерлигин койсо, жеңишке жетет

Саясатчы Канатбек Исаев шаардан талапкерлигин койсо, жеңишке жетет

20-январь, 18:26
1 381 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. Бишкек шаарынын бир мандаттуу округдары Биринчи Май жана Свердлов райондорунан кайрадан шайлоо өтөт. Аламанга карата айыгышкан күрөш кызуу жүрчүдөй. Аталган райондордон аттуу-баштуулары, саясатчылары, коммерсанттары, айтор, баардык чөйрөдөн чыгышууда. Эл астында аброю бар, акчалуу талапкерлер астыга суурулары ажеп эмес. Орун болгону экөө. Дагы канча талапкер катталары белгисиз. 

Мындай чакта эки райондун жашоочулары тизме арасынан Канатбек Исаевди көргүсү келишкени, колдошору боюнча алдыртан айтыла баштады. Тегин жерден сөз чыкпайт эмеспи. Бишкек шаарында да каарманыбыздын колдоочулары арбын экени белгилүү. Эгерде эки округдун биринен Исаев талапкерлигин койсо, жеңишке жетүүгө шансы чоң. Он жылдан ашык убакыттан бери саясатка аралашып, жогорку ийгиликтерге жетишти. Токмок шаарынын мэри, Чүй облусунун губернатору, Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты, фракция, коалиция лидери жана спикер болду. Тар жол, тайгак кечүүлөрдө өзүн жогорку деңгээлде көрсөтө алды. Билими, тажрыйбасы жана анализди мыкты жасоо жагынан астына ат салдырбайт. Кыйын стратег. Келечекти көрө билет. Бир гана кемчилиги – убагында натыйжалуу пиар менен алектенбегени, айрым күчтөрдүн каралоосуна кабылса да тоготпой жүрө бергени аксатат. Ошон үчүн сабатсыз катмардын сынына кабылган жайы бар. Бирок бул көрүнүш убактылуу. Элибиз акыры жүк көтөрө турган белдүү уулун тандашат эмеспи. Эгерде Канатбек мырза саясаттан тыныгуу албай, алдыдагы шайлоого катышса, жеңишке жетерин бөркүңөрдөй эле көргүлө. Билинбеген мүмкүнчүлүктөрү бар, тарапташтарын, шайлоочуларын арбыта турган ыңгайды ачыктабай туралы. 

Учурда бир гана маселе: Канатбек Исаев эки округдун кайсынысын тандайт? Кыйла баш оору жаралып, айрым талапкерлер алдыртан эле четке чыга беришсе керек... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер