Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садык Шер-Нияз: “Мага орден эки элдин достугу үчүн берилди”

Садык Шер-Нияз: “Мага орден эки элдин достугу үчүн берилди”

27-май, 11:55
770 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен сиз Казакстандын мамлекеттик экинчи даражадагы Достык ордени менен сыйландыңыз. Сыйлыгыңыз кут болсун! Негизи бул орден кимдерге кандай эмгектери үчүн ыйгарылат? Алгач ушул тууралуу айтсаңыз?

-- Чоң рахматБул орден маданият ишмерлерине берилип келгени тууралуу маалыматым бар. Бирок, ошол эле учурда белгилүү саясатчылардын арасынан да бул орденди алгандар болгон. Орден негизи эки элдин ортосунда ынтымакка көпүрө болгон адамдарга берилип атат. Ал эми мага “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына карата кыргыз-казак акындарынын арасында эки элдин ынтымагын, достугун күчөтүүгө кылган аракеттер үчүн берилди го деп ойлойм. 

-- Орден ыйгарылганы тууралуу маалымат келгенде кандай сезимдер болду? Эми аны алгандан кийин мурункудан да эки эсе жоопкерчиликти сезип атсаңыз керек?

-- Туура айтасыз. Бул, албетте, сыймыктуу жагдай. Ошол эле учурда жогорку жоопкерчилик. Эки элдин ортосунда кандай гана убак болбосун, ушул көпүрөнү, ынтымакты чыңдоонун аракетинде болуу керек. Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат демекчи, акыркы Баткен окуялары коңшу мамлекеттер менен  дайыма ынтымакта, биримдикте жашаш керектигин көрсөтүп койду. 

-- Алдыда кандай пландарыңыз бар?

-- Чыгармачылыкка байланыштуу долбоорлор бар. Аларды акырындан ишке ашыра беребиз. Быйыл Айтыш” фондунун юбилейлик жылы. Ага байланыштуу акындар чөйрөсүндө көптөгөн иштер аткарылды. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер