Элибиздин башына мүшкүл түшкөндө Райым Матраимов биринчилерден кол сунат
Мурдагы бийликтин тушунда Райымбек Матраимов Баткенге губернатор болууга, завод, кичирайон ачууга ниеттенет. Ири инвестиция тартуу менен чек араны да бекемдеп, элибиздин тынчтыкта жашашына кам көрмөк. Тилекке каршы, андагы президент Соке кызганып, ичи күйүп, губернаторлукту ыраа көрбөй койгон. Кризис-менеджердин карьералык бактысын ачпаганы ошол да. Акыры залакасы элге тийгени ушулбу? Эгерде Райым Матраимов Баткен облусун жетектеп калганда, завод, кичирайон курулуп, карапайым калк жумуш менен камсыздалып, инвестиция тартылып, чек ара да бекемделмек. Баса, “ийгиликтин эрте-кечи жок” деген кепти эстей жүрөлү... Аз күн мурун Баткенде согуш оту тутанып, калайман түшүп калганда, 140 миң адам качканда, Райым Матраимов биринчилерден кол сунуп, 50 тонна азык-түлүк, гуманитардык жардамдарды жөнөттү. Өзү видеого, же сүрөткө түшүп, башкалардай пиар да жасаган жок. Тек гана чын жүрөктөн жардамын ыроолоду... Эске салсак, пандемияда боо-боо кулап, илдеттин капшабына кабылганыбызда Райым мырза оорукана ачып, көпчүлүктү дары-дармектер менен камсыздап, азык-түлүк таратып, бир чоң апаатка туруштук берген. Чыныгы эр жигит, кайрымдуу инсан мына ушундай болот.
"Азия Ньюс" гезити