Рахат Керимбаев: “Өндүрүүчүлөр өз товарларын эл аралык рынокто коргой алышат”
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамагенттигинин директору менен маек.
-- Рахат Топчубаевна, сиз жакында эле Женевада өткөн чоң жыйынга катышып келдиңиз. Ал жерде кандай маселелер каралды?
-- Интеллектуалдык менчиктин мындан ары өнүгүшү, корголушу тууралуу сөз болду. Анан ошол ассамблеянын алкагында биз алдын ала макулдашып, Швейцария, АКШ, Индонезия сыяктуу мамлекеттер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдүк. Анын ичинде Швейцария менен эки тараптуу жолугушууда билим берүү, ойлоп табуучулукту өнүктүрүү боюнча иш алпарууга макулдаштык. Сингапурлук кесиптешим менен жолуккан учурда, ал да билим берүү тармагындагы ойлоп табуучулукту тереңдетүү боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди. Бир катар долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга макулдаштык. Эми биздин эл аралык бөлүмдөрүбүз иштешет, андан соң ортодогу бир долбоор жаралат.
-- Сиздердин агенттик жаңы ачылыштардын чордонунда турат эмеспи. Азыр жаңы ачылыштар болуп жатабы, болсо кайсы тармактарда?
-- Албетте, катталган ойлоп табуулар көп эле. Бирок, өндүрүшкө киргизилгендери азыноолак. Мында албетте, интеллектуалдык менчикти коргоо жана андан ары өнүктүрүү милдети жүктөлгөн биздин агенттиктен, анан да ишкерлерибизден көп нерсе көз каранды. Биз көп тараптуу колдоолорду көрсөтүп жатабыз. Мисалы, аймактардагы ойлоп табуучулукту колдоо максатында “40 райондон кырк демилге” деп аталган долбоорлорду уюштурдук. Балдардын шыгын эрте ойготуу максатында бала бакчалар, мектептер менен да иш алып барабыз.
“Кыргызпатент” интеллектуалдык менчиктин жаңы объектиси болуп саналган географиялык көрсөткүчтөрдү жүгүртүүгө киргизүү боюнча активдүү иштеп жатат. Мисалы, Арсланбаптын жаңгагы, Өзгөндүн күрүчү, Ат-Башынын балы, Баткендин өрүгү... Интеллектуалдык менчиктин жаңы объектиси катары географиялык көрсөткүчтүн консолидацияланышынын аркасында өндүрүүчүлөр өз товарларын эл аралык рынокто коргой алышат. Бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып, 1-окууга киргизилди. Мыйзам кабыл алынып калса, географиялык көрсөткүчтөр жаңы объектисинин дүйнөлүк рынокко кирүүсүнө шарт түзүлөт, буюрса.
"Азия Ньюс" гезити