Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмамбет Шыкмаматовго жарашкан Жанара сулууга суктандым!

Алмамбет Шыкмаматовго жарашкан Жанара сулууга суктандым!

24-сентябрь, 22:01
6 543 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Жанара Осмоналиевага!)

Сонун жансың да, Жанара! Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматовдон сыйлык алганыңды Инстаграмдагы баракчаңан көрүп, бир чети сүйүндүм. Абдан таланттуу кызсың. Блогер катары юморду келтиргениң, таамай сүйлөгөнүң, тапкычтыгың, өң-келбетиңдин келишкени, айтор, баары ойдогудай. Бир гана катуу сөгүнүп жибергениң ашыкча. Ушул жагын азайтсаң эле баары ордуна келет. Тилдин азабын тартып, аз убакытка камалып да чыктың. Ошондо сары санаага баткам. Ырас, тез эле бошоп кеттиң. Кубантып. Сендей чыгармачылыгы өзгөчө кызды кубатташ керек, ашыкча кетсең “тарбиялап”, ооба, таланттуулар тентек келишет эмеспи. Турмуштан деле сабак алсаң керек... Баса, салык кызматы боюнча тараган ошол кыска видеоң мыкты чыккан. Кеч болсо да бааланды. Алмамбет Шыкмаматов кыраакы, терең ойлонгон жигит эмеспи, анан калса, өзгөчө адамдарды барктай билгени да кубандырат. Көңүл буруп, жылуу маанай тартуулаганына баракелде! Негизи тамашаны, иронияны баардык эле адамдар түшүнө беришпейт. Мына ушул өңүтүн эске алып, Алмамбет Шыкмаматов ажаат ачып койду. Анын жанында турсаң, Жанара, чын эле жарашып калат экенсиң... Ушул жерден сага суктандым! Жагымдуусуң, энергияң да толкуп-ташып турса керек. Эх, жалган дүйнө...


Калысбек   

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер