Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Аскарбек Жаныбеков азык-түлүк коопсуздугун кылдын учуна жеткизип койду

Министр Аскарбек Жаныбеков азык-түлүк коопсуздугун кылдын учуна жеткизип койду

03-апрель, 09:00
523 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков өткөн жылы 29 миллиард сомду айыл чарбасына бөлдүрүп жатканда “Кыргызстан эми өзүн азык-түлүктүн 7 түрү менен камсыз кылат” деп убада берген. Бирок бөлүнгөн акча натыйжалуу пайдаланылбагандыктан кумга сиңген суудай жок болуп, өлкөбүз баягы эле 3 азык-түлүк менен калды. “Таз кейпибиз” ушундай. Айыл чарба министрлиги туура эмес пландаштыргандыктан, дыйкандардын өстүргөн картошкасынын баасы түшүп, эмгектери талаага кетти. Тили сайраган Аскарбек Жаныбеков өзүн пиар кылуу менен алек болуп, радио-телеканалдарга маек кургандан колу бошобой, айыл чарбасы менен деле иши жок. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла турган министр куру убадаларды берип, көз боёмочулук менен алектенип жатса, өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугу кылдын учунда турган кези. Анткени азык-түлүктүн 70 пайызы импорт менен башка өлкөлөрдөн ташылып келет. Өз милдеттерин так аткара албаган, “айдатма” кадрды качанкыга чейин кармап отурушат экен? 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер