Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Батукаев ооруп атса, Атамбаев баш болгон айыпкерлер акталышабы?

Батукаев ооруп атса, Атамбаев баш болгон айыпкерлер акталышабы?

24-декабрь, 09:07
702 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кримтөбөл Азиз Батукаев рак илдетине кабылганы боюнча медициналык справка алып, камактан бошонгону, андагы ЖАМК башчысы Зарыл Рысалиевдин узатуусу менен Кыргызстандан чыгарылганы белгилүү. А анын бүгүнкү абалы кандай? Маселенин маңызы ушунда.

Учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевден баштап, катардагы дарыгерге чейин соттолгону турушат. 23-декабрда болсо, тергөө менен кызматташкан шектүү фигуранттардын үй камагы узартылды. Алар: Динара Сагынбаева, Фархад Атаходжаев, Ирина Цопова, Шамил Атаханов, Эмил Макимбетов, Кубат Жуматаев, Алим Касымов, Аида Салянова, Канатбек Бектемиров жана Зарылбек Рысалиев. Ал эми тергөө менен кызматташпагандар камакта... Агездеги УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев качып жүрөт. 

Эң олуттуусу, “Батукаевдин дени-карды соо” деген медициналык справка бүгүнкү күнгө чейин чыккан жок да. Бул жагын эч бир экспертиза тастыктай элек. Чын эле оорулуу болсочу? Рак болуп ооруп деле бир топ жылдар жашаган адамдар бар турбайбы. Кыкеңдердин логикасы боюнча: “2013-жылы түрмөдөн чыгып кеткен Батукаев эмнеге өлө элек?” деген суроо жаралган. Дал ушундай ой жүгүртүүнүн негизинде кыргыз саясатчылары, мурдагы чиновниктер, дарыгерлер соттолгону турушабы? Кызык бекен? Жакында Батукаевдин ооруп атканы ырасталып, кокус өлүп калса не болот? Ошону менен бул кылмыш иши сынса, камалгандардын укугун кантип кайтарабыз? Атамбаев баш болгон айыпкерлер акталышабы? Айтор, суроолор көп. Али кызыктар алдыда окшойт...

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер