Ойт берген жагынан камчы салдырбаган Орозайымдын жүрүшү

Биздин коомчулук майдаланып кеткендей. Айрымдар соцтармактан эфирге чыгышып, жеңил-желпи сөздөрдү божурашып, же арзыбаган постторду жазышып, убара тарта беришет. Утурумдук “жылт” эткен нерсенин келечеги, элге пайдасы канчалык? Ойлонушпайт деле. Мына ошол сындуу мисалга азыноолак токтолуп көрөлү. Сабак алса жакшы, албаса “төрт тарабы кыбыла” дегендей...
Саясаттагы сабатсыздыгы, туруксуздугунун айынан Орозайым Нарматова жабыр тартканын билебиз. Бир чети бооруң ооруйт. Ал жакында маек бериптир. Түрмөдөн чыккандан кийин Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге жолугуп, чогуу чай ичкени боюнча. Болгон жаңылыгы ушул. Кызык бекен? Сүйлөп жатса тим эле көздөрү ойноктойт. Бир убакта “Мекенчил” партиясын колдоп жүрүп, заматта өзгөрүп, убакыттын ыңгайына жараша Адахан Мадумаровго өтүп кетип, Садыр Жапаровду жамандап, каралоого алганын кайда жашырабыз? Ортодон көп деле жылдар өткөн жок. Учурда “Бүтүн Кыргызстандын” лидери камакта жатса, бул партиядан депутат болгонун унутуп койгондой. Орозайым оор учурда Адахан Мадумаровду колдогондун ордуна тетири басып, артын салганы кандай? 180 градуска бурулуу менен президентке тамшанып, чогуу даам сызганын айтып түгөтө албай жүрөт. “Мени адашкан ак кууга салыштырды” дегеничи, өзүнчө бир трагикомедиянын каарманындай эй! Ушунча да ойкуп-кайкыйбы? Туруктуу позиция, принцип деген кайда?
А баса, өткөндө Бекзат Өмүрбеков аттуу блогер камалса, Орозайым Нарматова анын үстүнөн арыз жазганын жар салып, “өлгөндүн үстүнө көмгөндөй” кыянаттыгын көрсөтүп, табалап, кыска ойлуулугун, такыр өспөгөнүн айгинелеп салды го? Кыргызда “жыгылганды теппейт” дейт. Ал эргул ансыз да жазасын алат. Бирок “бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай” тырмышып, карамүртөздүк кылуунун чеги болбойбу? “Бет тытуунун” мааниси не? Унчукпай койсо кенендиги, бийиктигин көрсөтмөк да. Бирок пас, майда тура... Кыскасы, Орозайымдын кылыктарына учкай гана токтолуп, адашкан пенде экенине көзүбүз жетип турат. Чын эле, саясатты эмне кылат? Андан көрө жакшы адам болбойбу...
"Азия Ньюс" гезити