Кыргызстан үчүн негизги импортёр болгон Россияда өсүмдүк майы дагы кымбаттайт

Россияда күнкарама майына болгон баа 10 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн май өндүрүүчүлөр бирикмесинин аткаруучу директору Михаил Мальцев “Sputnik-Россия” радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Европа өлкөлөрүндө өсүмдүк майынын баасы кымбаттап жатат. Ал муну Украинадагы себүү өнөктүгүнө жараша болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү.
“Украина Европаны өсүмдүк майы менен камсыздоочу негизги өлкө. Эгерде абал ушул бойдон калса, майга болгон баа мындан дагы көтөрүлөт. Бирок Россияда өсүмдүк майы жетиштүү. Маселен, биз продукциянын үчтөн эки бөлүгүн өзүбүз экспорттойбуз.
Ошондой эле баа доллардын курсунан көз каранды. Анткен менен күзгө чейин өсүмдүк майы 10 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн” деди Михаил Мальцев.
Белгилей кетсек, Кыргызстан үчүн күнкараманын негизги импортёру Россия болуп эсептелет.