Күйөөң кызганбаса өзүңдү керексиз сезип калат экенсиң

Баш кошконубузга эки жыл болду, уулубуз бар. Күйөөм өзүмдөн 11 жаш улуу. Мени ойлонтуп, ичимде күмөн калтырган нерсе – эркектер чындап эле кызганбай да коёбу? “Кызганбаса жакшы да, демек, ишенет, сүйөт” деген сөздөрдү угуп эле жүрөбүз. Бирок ошол эле учурда аял катары өзүңдү керексиз сезип калат экенсиң.
Мен күйөөмдү кызганчаак катары каалабайм, бирок таптакыр эле көңүл бурбай койгондой сезим жаралат. Үйлөнгөндөн бери бир да жолу телефонумду карап көргөн эмес. Бир жолу статусума дос кызымдын аяштары менен отурган видеону жүктөгөм, ага да көңүл буруп, “бул кимдер?” деп сураган жок.
Атайын бир күнү жумуштан кеч келдим. Чалып, “кайдасың?” деп сураган да жок. “Өзүңдү карап жүр, боёнуп турчу?” деген сөздөрдү айтпай эле койгула (өзүм сулуулук салондо иштейм). Салондун шартынан пайдаланып, күн сайын макияж, прическа жасалат. Ошондуктан, мени кызыктырган суроо: күйөөсү такыр кызганбаган аял жалгыз менминби? Же силерде да андай учурлар болобу?..
Мира
"Азия Ньюс" гезити