Акыркы кабарлар
21:02
» Коом » Эмил Жороев: “Чындап адилеттүүлүк менен каралса, камактагылар бошотулушу шарт”
Эмил Жороев: “Чындап адилеттүүлүк менен каралса, камактагылар бошотулушу шарт”
06-февраль, 19:28

-- Жакынкы күндөрү саясый камактагылардын соттору башталат. Сиздин божомолуңуңузда кандай чечилчүдөй? Эркиндикке чыгышабы?
-- Бул соттук иштер боюнча бир нерсени күтүү мүмкүн эмес. Чындап адилеттүүлүк менен каралса, менимче, баардык эле камактагылар бошотулушу керек. Анткени, баарына коюлган күнөө бирдей жана анын негизсиз экендиги башынан эле белгилүү. Эгер саясый кырдаалга, кызыкчылыкка жараша каралса, анда бошотулушу өтө күмөндүү. Ушу күнгө чейин кантип камакта кармалган болсо, ошол сыяктуу эле күнөө да коюлуп калышы мүмкүн. Албетте, андай чечимдин коомдук-саясый кырдаалга кесепетин божомолдоо кыйын..."Азия Ньюс" гезити