Алыкулдун “Жибек кийген эрке кызы” же адамдын адамдык трагедиясы


Адабий сын, адабият таануу
Өзүнүн турган турпаты менен табышмактуу да, сырдуу да жана татаал да кубулуш – бул текст болуп саналат. Ошондуктан айрым окумуштуулар тексттин табият-дүйнөсүн лингвистикалык космос деп атап, демек, космоско теңеп, адамзат жашап турганда, ал изилдене берерин белгилеп жүрүшөт. Текст ар кыл болору белгилүү, ошолордун ичинде көркөм текст өзгөчө орунда турат, мунун сыры “түгөнгөн сайын түтөй” бергендигинде жатабы дейм. Чындыгында эле, нукура көркөм чыгарманы изилдеп аягына чыгуу мүмкүн эмес, аны улам-улам иликтеген сайын, улам бир жаңы өңүртү ачылып, бажырайып чыга берет.
Мунун айкын далили – чыгаан акыныбыз Алыкул Осмоновдун баарыбызга аттын кашкасындай таанымал «Жибек кийген эрке кыз» аттуу ыры. Алдын ала эскерте кетчү бир жагдай: көркөм образдын табиятын ачып берүү максатында аталган ырга адабиятчы Салижан Жигитов да өз кезегинде кеңири талдоо жүргүзүп, эмне үчүн ушул ырды тандап алгандыгын баса белгилеген эле: «...ал ыр Осмоновдун өзүнө гана таандык дүйнөгө мамилесин айкын билдирген, китептик же фольклордук чыгармалардын таасиринен эмес, нукура турмуштук таасирлерден улам жаралган, баардык чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн жумшап жазган ыр. Ал – чыныгы поэзиянын мыкты үлгүсү, элге кеңири маалым ыр; экинчи жактан, ал ыр эч кандай өтмө маанидеги эмес, дээрлик предметтик маанидеги жөнөкөй сөздөр менен жазылган. Кыскалык жайы да бар. Ошон үчүн анализ кылууга бир топ ыңгайлуу”. Мен бул пикирге кошулуу менен максатыма ылайык, төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурмакчымын: 1) ырдын табышмактуулугу, б.а., акындын айтайын деген негизги оюн (чыгарманын идеясын), сүрөттөлүп жаткан предметке карата автордун мамилесин аныктоонун өтө татаалдыгы, сөздөрдөгү семантикалык кыймылдын (маанилик катмарланыштын) оңойлук менен колго кармалбастыгы; семантикалык жылыш менен поэтикалык ойдун өз ара карым-катышы; 2) ырдын көркөмдүк сыры же карапайым (образсыз) сөздөрдөгү купуя сыр, татаалдык, сөз менен образдын карым-катышы; 3) семантикалык жылыш, татаалданыш боюнча автор менен кейипкерлер кебинин ортосундагы айырмачылык. Анда ырга кулак төшөйлү:
Жамгыр жаады, жамгыр жаады шатырап,
Күн күркүрөп, чарт-чурт этип чатырап,
Шуу-шуу эткен легковойдун бооруна
Балчык тийип, жамгыр суусу чачырап.
Жибек көйнөк сулууча кыз энтелейт
Жамгыр кантсин, жаба куюп эркелейт,
«Ай булганды, ай бузулду көйнөгүм,
Жайдын жааны жаабай койсо эмне?» дейт.
Too алдында колхозчу ата кубанат,
Жай булуту үстү-үстүнө куралат.
«Дан көбөйүп, эрке кызым кулпуруп
Жибек көйнөк кийсе экен» деп суранат.
Өйдөкү эки суроо өз ара тыгыз байланышып, бир-бирин толуктап тургандыктан, экөөнү эриш-аркак кароону ылайык таптым. Аталган маселелердин тегерегинде, өзгөчө экинчи суроо боюнча С.Жигитов да кеңири ой чаргытып, терең илик жүргүзүү менен бир кыйла омоктуу ойлорун айткан эле. Мен анын айткандарын кайталап отурбай, маселени башкачараак өңүттөн карап, көркөм кептин көп сырларынын бирин ачып берүүгө далалаттанайын.
Өзүбүз күбө болгондой, ырда негизинен жамгыр жөнүндө айтылат, б.а., «ырдагы эң негизги образдык «клетка» – жамгыр, анын образдуу көрүнүшү баштан-аяк аралап өтөт».
Бирок ошентсе да, жамгырдын туюмдуу образы ырдын биринчи сабагында (строфада), өзгөчө анын башкы эки сабында эле түзүлүп калгандыгын танууга болбойт. Биз ушул эки сапты окуганда эле көнөктөп төгүп жаткан жамгырга кабылабыз, шөлбүрөп суу болуп жаткансып, денебизди жыйрып, ичиркенип кетебиз. Буга андагы тилдик каражаттар өзгөчө өбөлгө түзгөн, бул жагынан алганда, чү дегенде эле табыш тууранды сөздөр баамга урунат, атүгүл башкы саптарды табыш тууранды сөздөрдүн өзгөчө бир жыйындысы катары караса болот: шатырап+күн күркүрөп, чарт-чурт этип+чатырап. (Албетте, табыш тууранды сөздөрдү мындайча жыш колдонуу ички муктаждык – жамгырдын элесин ары реалдуу, ары туюмдуу берүү зарылчылыгы менен шартталат). Баарыбызга маалым, мындай сөздөрдүн жөнөкөй гана жыйындысы өзүнөн-өзү эле кайсы бир кубулуштун (айталы, жамгырдын) толук кандуу элесин бере албайт, алар кайсы бир кубулушка, процесске баш ийип, алар менен чырмалыша ширелишкенде гана өз максатына жете алат. Бул жагынан алганда, жамгырдын доошун билдирген шатырап сөзү жаады сөзү менен жуурулушуп, ал аркылуу экөө бирдей жамгыр сөзү менен ширелишип, жамгырдын жандуу элесин көз алдыбызга тартат. Муну менен катар кайталанма ыкмасы (жамгыр жаады, жамгыр жаады) буга кошул-ташыл болуп жамгырдын мукам-ыргагын берүү менен жамгырга бизди ого бетер ишендирип салат. Ал эми экинчи сап («Күн күркүрөп, чарт-чурт этип чатырап») жамгырдын «элес-туюмун андан ары тереңдетип, дагы элестүү, дагы туюмдуу кылуу менен» бирге момундай жүктү да аркалап турат: 1) жамгырды конкреттештирет, б.а., ал акырын дыбырап жааган жөнөкөй гана жаан эмес, ал эми асманды кара булут каптап, күн күркүрөп жатканда көнөктөп төгүүчү жамгыр; 2) бул сап аркылуу (албетте, биринчи сап менен ширелешип) көнөктөгөн жамгырдын гана эмес, ошол учурдагы бүтүндөй айлананын, табийгаттын туюмдуу элеси тартылат.
Үчүнчү жана төртүнчү саптар бизди табият кубулуштарынан, процесстеринен реалдуу турмушка алып келет – жамгыр шатыраган доошу, күркүрөп, чарт-чурт эткен күн аркылуу гана эмес, балчык тийип булганган легковой аркылуу да көз алдыбызга тартыла калат. Ушул эле маалда дагы бир тууранды сөз (шуу-шуу эткен) биресе жамгырдагы (жамгыр шаштырган) легковойдун доошун, бир эсе адамдардын маанайын таасын берип, андагы дагы бир «кем-карчты» толуктайт. Ошентип, жамгыр өзүнүн бүтүндөй төрт дүйнөсү менен көз алдыбызга тартылды, тартылганы ушунчалык, бул сабактан жамгыр сөзүн чийип салсак деле жамгыр экени айкын болуп турат. Эми момундай суроо таштайлы: мына, биз жамгырдын өзүн көрдүк, ага суктандык же денебизди жыйрып ичиркендик, мындан не пайда таптык? Не ыракат алдык? Деги мында жүрөк менен кошо мээни да козуй ала турган дарамет-күч барбы, же акын болгону жамгырдын табигый сүрөтүн тартууну гана көздөгөнбү? Буга жооп берүү үчүн ырдын кийинки сабактарына өтөлү.
Жамгырга көнгөн жаныбыз экинчи сабактын биринчи сабында эле жамгырдан энтелеп качып келаткан, жибек кийген сулууча кызга капысынан жолугуп, бир аз дабдаарый түшөбүз жана дал ушул кыз аркылуу акын өзүндө кандайдыр бир купуя сыр бар экенин кыйытканын боолголойбуз. Ал эми экинчи сапты мен (албетте, биринчи сап менен кошо алганда) сүрөтчүлөр үчүн не бир табылгыс чыгармачылык гүлазык дээр элем, анткени алар аркылуу кыз өзүнүн бүтүндөй турган турпаты менен маңдайыңа жадырап тура калат, саптардын ар бир сөзү кыздын сырткы ырай-пешене, келбетинен тартып ички дүйнөсүнө чейин аңтарып-ачып бергенсийт. (Кызык, акын кыздын сырткы кебете-кешпирин, кийимин, мүнөзүн аки-чүкүсүнө чейин санап отурбай, «жибек кийген сулууча кыз» деген сыпаттоо менен чектелсе деле, биз негедир мына ушундай иллюзияга кабылабыз). Мына, жибек көйнөгү наристе этине чыпталган, салааланган чачтарынан жамгыр шорголоп, андан энтелеп качып келаткан кыздын элеси. Бирок бул үстүртөн эле ушундай. Үңүлө карай келсек, ал жамгырдан качпай эле, тескерисинче, татына көйнөгүн наристе колу менен калкалап, чаба жааган жамгырды беттеп баратат, жамгыр канчалык шөмтүрөтүп суу кылбасын, ылайга чылап көйнөгүн булгабасын, баары бир ал жамгырды жек көрө албайт, буга кудурети жетпейт. Кыскасы, ал – көзгө көрүнбөс, кулакка угулбас, кандайдыр бир ыйык сезимден тарткынчыктап (ага бул сезимди жамгыр ыроолоп отурбайбы – адам менен табигаттын байланышы кандай гана татаал да, кандай гана табышмактуу десең), ошол аркылуу өзүнүн күн нурундай туптунук аруулугун ай-ааламга чачыратып бараткан бейкүнөө кыз. Алыкул Осмоновдун саптары аркылуу мына ушундай татына кыз көз алдыбызга тартылат, анын сырткы кейпине караганда, ички дүйнөсү бажырайып даана чыга келет. Дал ушул жерден акын жыландын башын кылтыйта баштайт: бул сапта жамгыр кубулат, ал эми дыбыраган да, көнөктөгөн да жамгыр эмес, ал жандуу жамгыр, адам сындуу эркелей алган, болгондо да кимге эркелешти билген жароокер жамгыр. Дааналап айтканда, бул сапта жамгыр өзүнүн нарк-насилинен жарым-жартылай ажырап, психологиялык касиетке ээ болот, кыздын жан биргесине айланып (кыз менен жамгырды ажырата албайсың, ички дүйнөсү жагынан алганда, экөө коёндой опокшош эгиз), анын ички дүйнөсүн аңтарып берүүгө зор өбөлгө түзөт жана ушул эле аркылуу өзүнүн да ички дүйнөсү ачылат. Ошентип, кызды акын эмес жамгыр ачат; бул жерде жамгыр өзүнүн акактай тунук ички дүйнөсү менен көңүл чордонунда уюп калат. Мында автор эки сөзгө (кантсин, эркелейт) айрыкча жүк артып, өзгөчө басым койгону айкын болуп турат. Анткени бул экөө тең психологиялык уйгу-туйгуну берүү касиетине ээ эмеспи. Арийне, мындай эки жаркын сүрөттү (жамгыр менен кыз) тарткан соң ырга чекит коюуга акындын толук акысы бар эле. Бирок алар бизди канчалык эргитип, сезимибизди кытыгылаганы менен оюбузду анча козута алмак эмес, биз ой (поэтикалык) жагынан кыйла эле өксүп, өкүттө кала бермекпиз.
Муну бизден жакшы түшүнгөн акын жана да ошол билинбеген, али белгисиз поэтикалык ойдун кан-жанынан сыгылып чыккан муктаждык ырды андан ары улоого мажбур болгон. Үчүнчү сабакта жаанга шөмтүрөгөн сулуу кызыбыз жок болот да, анын ордун жамгырга барпаңдап кубанган колхозчу ата басат. Бирок кыз менен ата бир-биринен таптакыр ажырап кетпейт, ажырап кете да алмак эмес, анткени ортодо баягы жамгыр бар. Мына ушул жамгыр жана көзгө илинбеген ипичке карама-каршылык кыз менен атаны бириктирип турат. Биригүү төмөндөгү жөнөкөй жана жайылтылган антитезалар аркылуу берилет:
Үчүнчү сабак боюнча менин назарымды өзгөчө бурган жагдай мына бул: акын негедир жамгыр сөзүн колдонбойт, анын ордун «Жай булуту үстү-үстүнө куралат» деген бүтүндөй бир сүйлөм ээлейт, ошентсе да биз жамгырдын шаанисин туябыз, атүгүл бул саптар аркылуу жамгырдын уламдан улам күчөп бараткандыгы элестелет. Бул жагдайга байланыштуу момундай бир мыйзамдуу суроо туулбай койбойт: эмне үчүн жамгыр сөзү колдонулбаган? Бул чылгый стилистикалык (бир сөздү улам-улам кайталай берүүдөн атайылап качуу) муктаждыктан, же уйкаштык зарылдыгынан (салыштыралы: кубанат – «уралат – суранат) келип чыкканбы, же болбосо бул кандайдыр бир кокустуктан жаралганбы? Албетте, уйкаштык да, стилдик муктаждык да белгилүү бир деңгээлде роль ойногон чыгар, бирок өңгөгө билбейм, мага ал кокустуктан, болгондо да аң-сезимдүү кокустуктан (кокустук – бул зарылдыктын көрүнүшү эмеспи) жаралгандай туюлат. Тактап айтканда, ал уйкаштыктан да, стилдик муктаждыктан да эмес, баарыдан мурда автордун психологиялык ички туюм-маанайынан жана ырдагы поэтикалык жалпы метафоранын талабынан сызылып чыкканбы дейм. (Баса, стилдик максатта эле болсо, анда жамгыр сөзүнө синонимдеш сөздү, ал эми уйкаштык себепкер болсо, куралат сөзүнөн бөлөктү табуу автордун колунан оңой эле келмек экенин ким тана алат). Колхозчу атага канчалык жан тартып, зор сүймөнчүлүк менен караса да, аны көкүрөгүндө бөпөлөп, канчалык даңктагысы келсе да, баары бир көөдөнү көрөгөч акын наристеге бүт төрт сырын төгүп эркелеген жароокер, аруу жамгырды («жамгыр» сөзүн) тажрыйбасы мол, турмуштун аки-чүкүсүн билип, көртириликтин көйгөйүн тартып калган колхозчу атага ыроолоого дити барбаган көрүнөт, ыроолосом эле жамгырдагы аруулуктан кол жууп каламбы деп чочуласа керек, бул аркылуу кыз менен жамгырды – экөөнү бирдей аягандыр. Экинчи жактан, дыйкан атанын маанайына да «жамгыр» сөзү дал келбегенсийт, жамгырды береке, байлыктын булагы катары караган (же ороюраак айтканда, жамгырга көртириликтин көзү менен караган) атанын ой-санаасына, маанайына жамгыр, баарыдан мурда өзүнүн табигый нурк-насилинде керек. Ошондуктан ал үчүнчү сабакта өзүнүн адамдык касиетинен биротоло кол жууп, эгинди сууга кандырып, данга марытуучу асмандан төгүлгөн суу катары гана көрүнөт. Ошондой эле дыйкандын тилек-ниетине ылайык бир кыйла күчөтүлгөн, «каарданган» кейпинде да берилет: Жай булуту үстү үстүнө куралат.
Ушул үчүнчү сабактын акырына чыккан соң мага момундай бир күтүүсүз жаңы ой капысынан өзүнөн өзү эле кылт этти, ал ой – жамгырдын кайдыгерлиги. Ооба, жамгыр баарына кайдыгер: бирөө сүйүнүп, аны алдейлеп жатабы, же жек көрүп, тилдеп жатабы – ага баары бир, атүгүл топон суу алып кетсе да лам деп койбой асмандан төгүлүп, өзүнүн негизги озуйпасын аткара берерине шек жок. Бирок жамгырдын кайдыгерлиги – бул акындын кайдыгерлиги эмес, тескерисинче, анын кайдыгерлиги айкынды бейпайга салары (толкундантып тынчсыздандырары) бышык, өйдөкү ырда да акын кайдыгер боло алган эмес, боло да алмак эмес, анткени тээ туңгуюктан бүлбүл жанган поэтикалык метафоранын шооласы көрөгөч акынды мындай жөндөм-кудуреттен ажыратып таштаган. Кыскасы, табигаттын кайдыгер бир берекеси акынды улам делөөрүтүп, улам азгырып, ушунусу менен чыйралтып отуруп, биз сөз кылып жаткан жаркын ырды жаратууга мажбурлаган.
Ошентип, мен ырды максатыма ылайык, кыскача талдап өттүм. Кимибиздин болбосун көз алдыбызда мына булар калары бышык: жамгыр–сулуу кыз–колхозчу ата. Үчөө чырмалыша жуурулушуп келип, жалпы, бүкүлү бир поэтикалык маанини (образды, идеяны) жаратты. Жок, үчөө эле эмес экен, булардан сырткары дагы эки элес башын кылтыйтып турбайбы, алар – акын жана окурман. Демек, бешөө болду: жамгыр–сулуу кыз–колхозчу ата–акын–окурман, булардын ичинен акыркы экөө кыйыр түрдө гана катышат, атүгүл окурман катышпай калышы да толук ыктымал. Эми негизги жана конкреттүү бир суроо таштасамбы дейм: ыр мени толкундата алдыбы, толкундатса, эмнеси менен? Баса, бул ырды мектепте да, жогорку окуу жайында да далай жолу окуп, далай талдоого катышып, мугалимдерибиздин пикирлерин укканбыз жана өзүбүз да түшүнгөнүбүздү айтып бергенбиз. Бирок чындыкты айткан жакшы, бул ыр мени анда анча деле толкундата алган эмес, идеясы кулакка жедеп жат болгон кадыресе ырлардын бириндей эле кабыл алгам, атүгүл сырткы техникасы (уйкаштык, ыргак ж.б.) жагынан өз мезгилиндеги ырларга салыштырганда жармачыраак да көрүнгөн, ошондуктанбы, “Алыкул десе эле жөн эле көкөлөтө беришет турбайбы деген түпөйүл ойдо калгам. Бүгүн болсо бир эсе поэзия күйөрманы, бир эсе адис катары үңүлө окуп, толкунданып отурганымды жашыргым келбейт. Дааналап айтканда, ыр мен үчүн кандайдыр бир жаңы, сырдуу ачылыш болуп отурат. Арийне, бул жаңы ачылышты, анын сырын чыпчыргасын коротпой айтып берүү өтө оор, бул менин колумдан келбейт, ошентсе да чамама жараша жеткирүүгө аракеттенейин, бул үчүн С.Жигитовдун пикирине кайрылып, ага таянууга, керек болсо бул белгилүү сынчы менен талашып-тартышууга туура келип отурат.
Белгилүү сынчы образдын өзү эле ой (идея) экенин, көркөм чыгармадагы образдуу идеяны логикалык түшүнүктөр менен берүүнүн өтө татаалдыгын, б.а., анын логикалык түшүнүктөргө оңойлук менен сыйбастыгын адилеттүү белгилеп келип, талданып жаткан ырдын образдык маанисин бир канча вариантта көрсөтөт: «Акын жайкы жамгырдын эгинге пайдасын, береке алып келерин, жамгырдын жандуу элесин берейин деген. Акын жамгырга көйнөгү бузулган кыздын жайкы жамгырдын эгин үчүн зор маанисин түшүнбөгөнүн көрсөтүп, кыздын дыйкан атасынын береке төккөн жамгырга кубанганын берген. Акын карапайым эмгек адамынын жакшы ниеттерин, ак тилектерин айткан. Акын бактылуу өскөн эрке кыз менен анын мээнеткеч дыйкан атасынын жамгырга карата мамилесин сүрөттөп берген. Акын эрке кыздын эссиздигин, атасынын акылмандуулугун көрсөткөн». Муну менен катар ал мындай логикалык түшүнүктөргө негизделген сүйлөмдөрдү дагы созо берүүгө мүмкүн экендигин, атүгүл ырды баштан-аяк кара сөз менен кайталап чыгууга туура келерин, бирок «ошондой формулировкалардын, анализдердин, кайталап айтып берүүлөрдүн баары жеке-жеке менен деле, чогуусу менен деле Осмоновдун алиги ырынын бүткүл идеялык-эстетикалык байлыгын бере албастыгын» да таасын белгилеп, мунун себебин да айкын түшүндүрөт: «Канткен менен «Жибек кийген эрке кыздагы» негизги образ (көркөм идея, поэтикалык ой) сымаптай мөлтүлдөп, кармалбас назик ассоциацияларга толуп, катмарланып, ар кыл сырлары менен кубулуп турбайбы. Ошондуктан ал ырда логикалык түшүнүктөргө мүнөздүү түз сызыктуулук, бир маанилүүлүк, чектелгендик, сенектик жок». Сынчынын пикиринен улам мен момундай бир-эки жагдайга айрыкча назар бургум бар:
1) Көркөм чыгарманы кабылдап, аны түшүнүүнүн объективдүү жана субъективдүү шарттары болот эмеспи, б.а., өзүнүн жеке тажрыйбасына, билимине, курагына ж.б. карата ар ким ар кандай кабылдап, ар кандай баалайт (буга байланыштуу бир эле адам бир эле чыгарманы ар кайсы курагында ар башка кабылдашы толук ыктымал), ошондой эле буга ал жашаган коом, тарыхый шарт, учур да өз таасирин тийгизбей койбойт. Мына ушул өңүттөн алганда, биз ушуга чейин аталган ырдын негизги идеялык мазмуну катары көбүнчө сынчынын акыркы вариантын (эрке кыздын эссиздигин, атасынын акылмандыгын) бетке кармап келдик жана бүгүн да кармабай коё албайбыз. Албетте, мунун сыры айтпаса да түшүнүктүү: бизде, социалисттик коомдо, эмгек адамы сөзсүз даңкталууга тийиш, ал туура гана ойлонуп, туура гана иштейт деген жобо кан-жаныбызга жедеп сиңип калган эле жана бул азыр да каныбызда ойноп турат. Сынамакка «кана, бул ырдын идеясын айтып берчи?» деген соболду окуучуга да, студентке да узатып көрөлүчү, экөө тең ордунан шак тура калып, эч такалбай эле куду биздей сайрап кирет: «Бул ырда акын эрке кыздын эссиздигин, жамгырдын маанисин билбей, көйнөгүм булганды деп кейигенин, атасынын эмгегин баалоого дарамети (акылы) жетпегенин, ал эми атасынын ак ниет, эл камын ойлогон мээнеткеч, жамгырдын пайдасын билген чыныгы дыйкан, эл уулу экенин көрсөткөн». (Кызык, биз колхозчу атасы сөзсүз эле эрке кыздын өз атасы болууга тийиш деп кабылдап алыптырбыз, а чынында ал чын эле эрке кыздын өз атасыбы, же жөн эле колхозчу атабы (абстракттуу атабы) – бул ырда анча айкын эмес экен).
2) Ырды «чыныгы поэзиянын мыкты үлгүсү» катары баалоого эмне себепкер болгон, б.а., аталган ыр сынчыны эмнеси менен толкундантты экен? Баарыдан мурда сынчыны Осмоновдун карапайым эле сөздөр аркылуу нукура образдуу ойду айткандыгы, өйдөкү идеяларды техникалык жактан (ырдын образдык структурасы, композициялык жактан уюштурулушу, стилистикалык өзгөчөлүктөрү, поэтикалык ыкмалары) зор чеберчиликте бере алгандыгы толкунданткан жана ал акындын мындай чеберчилигин ары түшүнүктүү, ары кеңири далилдеп берген.
(Уландысы бар)
"Азия Ньюс" гезити











