Акыркы кабарлар
» Саясат » Бабанов Мбанк аркылуу элди алдап, пайда көрүп атабы?
Бабанов Мбанк аркылуу элди алдап, пайда көрүп атабы?
19-август, 12:00
527 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Заман талабына жараша ар бир адам акчасын карточкага салып калбадыбы. Элибиздин басымдуу бөлүгү Мбанк колдонуп атышат. Буга Өмүрбек Бабанов ээлик кылат. Он, жүз миңдеп акчаларын сактагандар кыйла көп. Башында жарнаманы катыра кылышып, көпчүлүктү оодарып алышкан. Ошондо элдин миллиондорун “Кыргызстан” банкы пайызы жок эле тегеретип, пайда көрүп келатабы? Соңку убакта кардарлар нааразы боло башташты. Мбанктан акчаларын уурдаткандар арызданышууда, о.э. убагында банкоматтардан чыгара алышпай, же бири-бирине которуу убактылуу токтоп, айтор, үзгүлтүккө учурагандарды кантебиз? Коомчулуктагы даттанууларды көрүп жатабыз. Таңгалат экенсиң. Бабанов “Кыргызстан” банкы аркылуу элдин акчасын бекер айландырып, бирок тейлөөнү ойдогудай кылбай, тескери кеткениби? Нааразычылык жаратпай, шарт түзбөйбү? Качанкыга чейин коңулда жатып алып жыргай берет? Кыжырданган көпчүлүктүн жаалы жаман эле...
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити