Акыркы кабарлар
» Коом » “Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат”
“Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат”
11-август, 20:21
742 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызда “Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат” дейт. Акыркы убакта “Жетим-Тоону каздырбайбыз” деген ураан менен Илгиз Шаменов аттуу бала чыга баштады. Аргументи жок. Айылдаштары арасында кадыры бар бекен? Көрсө, бул бала көрүнгөн жерде “Сапар Исаков бийликке келет, Жетим-Тоо аркылуу элди көтөрөбүз” деп айтып жүргөнү ыраспы? Сооронбай Жээнбековдун тушунда колтугуна кирип, ири өлчөмдө кредит дагы алыптыр. Ал акчасын шайлоого салып жиберип, эми Жетим-Тоо аркылуу бийлик менен соодалашкысы барбы? Нарындыктар шайлаган бийлигин эмес, төшүн каккылаган, ала көөдөн бул баланы укмак беле? Балакай азыр Сооронбай Жээнбековдун алсыз бийлиги эмес экенин түшүнбөй жатат окшойт...
"Азия Ньюс" гезити