Акыркы кабарлар
» Коом » 34 жаштагы келин 3 жашар баласы менен изделүүдө
34 жаштагы келин 3 жашар баласы менен изделүүдө
24-август, 18:05


Чүй облусунун Аламүдүн районунда 34 жаштагы Маргубахан Сейитова жана анын 3 жашар баласы Данил Сейитов дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы жолу август айынын башында байланышка чыгып, ошондон бери кабарсыз болууда. Өзгөчө белгилери: бою 168-170 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара. Кийип жүргөн кийимдери мезгилге жараша. Ал эми 3 жашар Данилдин бою 70 сантиметр, чачы сары жана кыска. Ал дагы мезгилге жараша кийинип жүргөн.
Кимде-ким сүрөттөгү эне менен баланы көрүп-билген болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефондору: 0312-36-35-27, 0312-36-35-23, 0999-21-07-09, 0709-21-18-08, 0550-34-33-63, 0778-00-09-99.










