Илимбек Кубанычбеков, ЖК депутаты: “Бир айлык аскер кызматы 75 миң сом болсо, элге кыйынчылык жаралат”


-- Илимбек мырза, коргоо министрлиги мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө жана альтернативдик кызмат өтөөгө төлөнчү акыны көбөйтүүнү сунуштоодо. Айталы, сбордон өтүүгө буга чейин 50 миң төлөнсө, эми 75 миң, альтернативдик кызмат өтөөгө буга чейин 18 миң төлөнсө, эми 25-50 миң сом төлөө сунушталып жатат. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?
-- Бул жарандарга бир топ кыйынчылыктарды алып келет. Себеби, аскер кызматына барбаган катмар кимдер? Көбүнчө студенттер, ата-энесин карай турган башка бир туугандары жок жалгыз балдар, социалдык жактан кыйналган үй-бүлөлөр, мигранттар эмеспи. Алар 50 миң сом төлөп, бир айлык аскер кызматын өтөп, мамлекеттик жана башка кызматтарга кирип жатышат. Эгер анын көлөмү 75 миң сомго көтөрүлсө, эл үчүн кыйынчылык туудурушу мүмкүн.
-- Кандай дейсиз, төлөмдөрдү көбөйтүү демилгечилер негиздегендей, инфляцияны эске алуу менен жүргүзүлүп жатабы, же аскерде кызмат өтөгөндөрдү көбөйтүү максаты мененби?
-- Инфляция эске алынган болушу мүмкүн. Бул мыйзам али бизге келе элек. Келгенде негизги өзөгү, идеясы, багыты эмнеде экенин билебиз го.
"Азия Ньюс" гезити











