Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов: «Президент деле Мадумаровдун чыныгы оппозициялык күч экенин түшүнүүдө»

Адил Турдукулов: «Президент деле Мадумаровдун чыныгы оппозициялык күч экенин түшүнүүдө»

05-ноябрь, 18:49
8 619 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Президенттин шайлоону таза өткөрүү боюнча жарлыгы чыкты. Анда мамлекеттик кызматкерлердин үгүт иштерине кийлигишүүсүнө тыюу салынган, бул канчалык аткарылышы мүмкүн?

-- Шайлоону бийликтин кийлигишүүсүз ачык өткөрүү планы жеке Садыр Жапаров тарабынан чын дилден болуп жатат (!) деген ойдомун. Анткени, азыркы Конституция боюнча президентте Жогорку Кеңеште кандай гана курам болбосун аларга көз каранды болбой, мамлекетти башкаруунун бүт мүмкүнчүлүктөрү, жолдору бар. Ошондуктан оппозициялык күчтөр, бир мандаттуу округдан көз карандысыз, бийликке жагынбаган саясатчылар келсе дагы азыркы бийликке коркунуч туудурбайт. Азыркы шайлоо тарыхта болбогондой адилет, ачык өтүшү мүмкүн. Себеби административдик ресурс, добуш сатып алууларды болтурбоого бийлик өзү кызыкдар болуп жатат. Эгерде «админресурс колдонулду, добуштар массалык түрдө сатылып алынды» деген фактылар ачыкталып, элдин көчөгө чыгышына себепкер болсо, бийликке ошондо чыныгы коркунуч жаралат. Буга чейин жолдорду бууп, жергиликтүү бийликтин имараттарын басып алуу сыяктуу көрүнүштөр болуп келген. Эгерде шайлоо таза өтпөсө, мындай окуялар кайталанбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Байкашымча, БШК, жергиликтүү бийлик органдары, министрлер кабинети, президент өзү баш болуп, таза, ачык шайлоо өткөрүүгө аракеттенип, муну айгинелеп көрсөтүп дагы жатышат. 

-- Мындай учурда бийликчил делген «Ата Журт Кыргызстан», «Ынтымак» сыяктуу партиялардын парламентке келиши канчалык реалдуу болот?

-- Сиз аларды «бийликчил» деп атап кеттиңиз, пикиримде, алар көбүнчө азыркы номенклатура, тагыраагы, орчундуу кызматты ээлеп келгендер, олигархтар, акчалуу адамдар чогулган партиялар. Бул партиялар бийликке ыктап, өздөрүн бийликчил деп көрсөткөнгө аракет кылып жатышат. Чындыгында Садыр Жапаровго «Ата Журт Кыргызстан» келеби, «Ишеним» келеби, керек болсо «Ата Мекен», «Альянс» же «Бүтүн Кыргызстан» келеби – айырмасы жок. Ар бири менен иштешип кетүүгө кудурети жетет. Парламентке 50 пайыздан ашык оппозиция келбейт. Ошондуктан ким келсе дагы азыркы бийлик коркпойт. Тескерисинче, парламентке көз карандысыз партиялар келбей калса, «Жогорку Кеңеш легитимдүү эмес» деген пикирлердин күчөшүнө жол ачат. Ошол себептен дагы бийлик буга таптакыр жол бербейт деген менде ишеним бар. 

-- Канча оппозициялык партия келиши мүмкүн деп ойлойсуз?

-- Бир катар партиялар «оппозициябыз» деп айтып жатканы менен чындыгында бир эле оппозиция бар. Бул «Бүтүн Кыргызстан». Садыр Жапаров дагы бекеринен Мадумаров тууралуу айткан жок да. Президент деле Мадумаровдун чыныгы оппозициялык күч экенин түшүнүп жатат. Ал эми «Альянс», «Ата Мекен» партиялары бийлик менен итешип кеткенге көнүп калган. Алардын курамында дагы көптөгөн бийликтин функционерлери, бийликке ыктаган адамдары толтура. «Бүтүн Кыргызстан» кандай гана шайлоо болбосун сөзсүз түрдө жүз миңдеген добуштарды алып жүргөн. Бул жолу деле ошондой шарты бар деп ойлойм. Мисалы, «Азаттык» партиясы оппозициябыз деп айтышууда. Бирок, Ахматбек Келдибековдун оппозиция болуп бере аларына ишенбейм. Башкаларынын деле оппозиция болуу табиятында жок. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер