Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиев камакка алынабы?

Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиев камакка алынабы?

07-январь, 13:29
1 562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2016-жылы Бөкөнбаев-Совет көчөлөрүнүн кесилишинен УКТнын активдүү мүчөсү, түрк улутундагы Пулат өлтүрүлгөн. Атып кетишкен эле. Бул ишке байланыштуу күнөөсүз эле адам кармалып, соттолуп кеткенби? Дал ушундай махинацияны азыркы Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиев уюштурганбы? Убагында пиар кылып, мактанганы эсибизде. Ал эми азыр Камчыбек Көлбаев өлгөндөн кийин Пулатты аткан “Тигр” каймана аттуу киллер УКМКдан мойнуна алып атса, иш чатак го, чынбы? Ошондо Азамат Токтоналиевдин айыбы ачылуудабы? Бул боюнча атайын кызмат кылмыш ишин козгоп, тергеп атканы каңкууланды. Жакынкы күндөрү тийешелүү күнөөкөрлөр камалышабы?

Эске салсак, Азамат Токтоналиев “Дөө Чыңгыздын” эки адамды өлтүргөнүн жашырып, башкаларга жүктөп, 100 миң доллар алып койгонбу? “Тайгалак” каймана аттуу Таалай Мамбетакунов экөө будамайлашканбы? Ошондо “Дөө Чыңгыз” видеотасмада көрүнгөндөй эки баланы сабап, машинасына салып кетсе, аягында алар өлүшсө, ИИМдин береги кызматкерлери кандайча көз будамайлашкан? “Дөө Чыңгыздын” ордуна башкалар камалып кетишкенби? Албетте, түшүнбөстүктөр жаралууда. Дыкат текшерүүлөр уланып, булганыч жетекчини жазалоо орун алабы?

Натыйжада, УКМК Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиевге кечээги былык иштери боюнча кылмыш ишин козгоп, камакка алабы? Күтө туралы. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер