Асел Абылова, Илгиз Шаменовдун жубайы: “Кудай буюрса, Илгиз камактан чыгып, баарыбызды кубанычка бөлөйт”


-- Асел, бир жылдан бери балдарды жалгыз багып жатасың. Түйшүктү жалгыз тартуу кыйынчылык жараткан жокпу?
-- Албетте, кыйналдым. Иштебей үйдө отурган аялга балдарды жалгыз багуу аябагандай эле кыйынчылык жаратат экен. Бирок, Кудайдын башка салганын көтөрбөскө айла жок. “Илгиз чыгат, бул күндөр да унутулат” деген үмүт менен жашап жатам. Эшиктен шартылдап эле кирип келерин ойлоп, анын чыгышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.
Илгиз жаңы камалганда көзүмдүн жашы кургаган эмес. Анүстүнө ал учурда кош бойлуу элем. Мага моралдык жактан колдоо кыла турган мезгилде камалып калып, күчүмдү көз жашымдан чыгардым. Төрөгөндө андан бетер жандүйнөм ээнсирегендей болду. Жалгыз төрөт үйүнө барып, кесарево жолу менен төрөп, анда да бир жеңилимди жерден, оорумду колдон алган коргоочу адамым жок, бул дүйнөдө жалгыз калгандай болдум. Илгиздин камакта жатканы жаңы төрөгөн мезгилде мага чоң сокку болду. Дагы жакшы экөөбүздүн тең ата-энебиз, бир туугандарыбыз түйшүктүн баарын көтөрүп, мени кейибесин деп туш тараптан колдоо көрсөтүп жатышат. Баары аяп, каралашып, кем-карчыбызды камсыздоого аракет кылышса да, Илгиздин камакта жатканы жүрөгүмдү өйүйт.
Азыр ата-эне, бир туугандарыбыздын жакшы сөзүнөн, жакшы мамилесинен, камкордугунан кубат алып жашап жатам. Кайнене, кайнатам да асыл адамдар. Жаркылдап келип, жок нерсемдин баарын алып берип, неберелерине мээримин төгүп, үйдү шаңга бөлөп, кайгы-капаны эшикке айдагансышат. Мага ичтен сызгандарын билгизбегенге аракет кылышат. Бирок, сот болорунда Бишкекке “Илгизди көрүп, сүйлөшүп калар бекенбиз” деген чоң үмүт менен келишет. Тилекке каршы, акыркы мезгилде аларды сотко алып келишпейт. Илгизди баарыбыз сагындык...
-- Балдар атасынын камакта экенин билеби?
-- Билет. Биз жашырганыбыз менен интернеттен эле билип алышат экен. Улуу кызыма түшүндүргөнгө аракет кылганыбыз менен экинчи кызым түнөрүп эле калат. Эс тартып, чоңоюп жаткан үчүнбү, атасынын орду аябай билинет. “Атам качан келет?” деп ыйлай бергенинен, “куса болуп атат окшойт” деп айлам кеткенде сотко да алып барып жүрдүм. Соттон атасын көргөндө ого бетер жүрөктү эзип ыйлап жүрдү. “Кыздарым психологиялык травма албасын, ушул күндөр жүрөктөрүндө кара так болуп калбаса экен” деп санаркайм. Анткени, кыздарымдын эсинде кала турган күндөрү Илгиз камакта болуп жатат. Экинчи кызымдын 1-класска барганын да камакта жатып көрбөй калды.
-- Илгиз менен жолукканда алгачкы сөзүңөр эмнеден башталат?
-- “Ден соолугуң кандай?” дегиче эле менден озунуп, “кыздар жакшыбы, ооруган жокпу?” дейт. Кыйналып жатканыбызды билдирбөөгө аракет кылып, “баары жакшы” дейм. Бирок, ал өтө сезимтал, жашырганым менен баарын туюп турат. Мен болсо ага дух, кубат берейин, бизди ойлоп түйшөлбөсүн деген ойдо “бизден камсанаба, баары жакшы, жакындарыбыз каралашып жатат” дейм. Кыска убакытка жолугушсак да ал мага, мен ага кубат бергенге аракет кылабыз.
-- Эмнеге үй камагына чыкканга аракет кылган жок?
-- Чынын айтсам, үй камагына качан чыгарын билбейм. Мен деле ден соолугун кетирип, сыз, муздак жерде жатпай, үй камагына чыгышын тилейм. “Кемпирабадчылардын” жарымын чыгарып, эмнеге жарымын калтырып койгонун да түшүнбөйм.
-- Илгизди ар ким ар кандай сүрөттөйт. Бири “мыкты жигит” десе, дагы бирөөлөр “ээрчиме” дегендей сыпатташат. Сен билген, сүйгөн Илгиз кандай жигит?
-- Мен билген, сүйгөн Илгиз – мыкты жар, күйүмдүү ата, сүйүктүү уул жана мекенин коргогон патриот адам. Колунда барын аянбаган, элге жардам берүүдөн ырахат алган, кичипейил, жароокер, бир сүйлөгөн жигит. Илгизди билбей туруп сыртынан “андай, мындай” дей беришет. Чынында аны менен бир эле жолу чай ичкен адам өзүнүн көз карашы бар, мыкты жигит экенин билип, ого бетер сыйлап калат.
-- Жүрөгүңдү кайсы сапаты менен багындырды эле?
-- Илгиз камкордугу, сюрприздерди жасай алганы, патриоттуулугу, мырзалыгы менен багындырган.
-- Камакта жатып депутаттыкка аттанды го, мандат алып калат деген үмүт болду беле?
-- Ооба, депутаттыкка жакшы ниет менен аттанды. Айрымдар “пиар үчүн” деши мүмкүн. Чынында Илгизге ишенген, аны сыйлап, урматтаган адамдар көп. Бир сапар депутаттыкка ат салышып, көп добуш алгандан кийин мандат алуудан баш тартып да койгон. Бу жолу өзүн сынап көрдү. Көп добуш алып калса, эркиндикке чыгат деген да үмүт болду.
Кудай буюрса, Илгиз камактан чыгып, баарыбызды кубанычка бөлөйт (!) деген үмүтүм чоң. Ал камактан чыкса эле тарткан азаптын баары түштөй болуп унутулуп, жашообуз шаңга бөлөнүп калат эле. Ошол күндү менин айланамдагы жакшы, кыйбас адамдарымдын баары күтүп жатат. Жаңы жылды жадырап Илгиз менен тоскубуз келет.










