Алишер Козуев: “Аквапарк менен мектеп жетекчилеринин жоопкерчиликтери каралсын!”
Аквапарктагы окуя энелердин жүрөгүн сыздатты. Кайран бала жоопкерчиликсиздиктин, кайдыгерликтин курмандыгы болду. Бирок ким күнөөлүү? Баягы эле жөнөкөй мугалимдер, куткаруучулар. Эмнеге аквапарктын жетекчилигин жоопко тартышпайт? Бүтүндөй жоопкерчиликти мугалимдерге оодаргандар көбөйдү. Ошончо көп сандагы окуучуларды чогулта билген аквапарктын жетекчилиги коопсуздукту да күчөтүп, кошумча куткаруучуларды көбөйтпөйт беле? Аквапарктын бир куткаруучусун камакка алышты. Мындай окуялардын алдын алуу үчүн жетекчилиги жооп берсин. Адилеттик жеңсин!
-- “Кай жерде болсо да адилеттик жеңсе экен” деген тилектебиз. Аквапарктагы окуя боюнча кандай пикирдесиз? Чындап күнөөлүүлөр жаза тартабы?
-- Аквапаркта өтө жагымсыз окуя болду. Кичинекей наристенин ата-энесине көңүл айтабыз. Эч бир ата-энеге андай тагдырды туш кылбасын. Бул кокустук да болуп кетти. Жооперчиликти ар тармактуу караш керек. Чын-чынына келгенде мектеп жетекчилеринин да күнөөлөрү бар. Ошондой эле аквапарктын ошол жердеги ишкердик жүргүзүп жаткан жетекчилеринин дагы жоопкерчилиги бар. Эки тарап тең объективдүү каралыш керек. Биринчи кезекте бул демилге кайдан чыкты? Мугалимдердин, ошол эле класс жетекчинин уруксаты барбы? Мүмкүн ата-энелер комитети уюштурганбы? Азыр ушундай каникулдардын алдында экскурсияларды уюштуруп жатышпайбы. Ошого ар бир ата-эне жоопкерчиликтүү мамиле жасашы зарыл. Албетте, күнөөлүүлөр жазалансын. Себеби мындан кийин ушуга окшогон окуялар кайталанбашы керек. Бул жерде мектеп жетекчилигинин да күнөөсү чоң. Жандап жүргөн мугалимдердин да жоопкерчилиги бар.
Кудай сактасын, ага чейинки деле жолдогу жеткирүү кандай болгон? Ар бир баскан кадамын, мектептен чыгып ошол жакка алып барып, алып келүүдө сөзсүз түрдө жоопкерчилик класс жетекчисинде же ошого тийешелүү мугалимдердин көзөмөлүндө болот.
Аквапарктын жетекчилери да өз милдеттерин так аткарышы керек болчу. Мындай жагымсыз окуя көңүлкош мамиледен улам болду го деп ойлойм. Ошол окуяга кайдыгер караган адамдар сөзсүз түрдө жазаланышы керек. Бул жаза ушундай окуялардын алдын алууга өбөлгө болот.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити