Карантин кайсы өлкөдө кайсы айларга чейин созулат?
Америкалык аналитиктер коронавирус илдетинен көбүрөөк жабыркап жаткан өлкөлөрдүн карантин режиминен чыгуу мөөнөттөрүн болжолдуу түрдө эсептеп чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Учурда коронавирустан эң көп жабыркап жаткан Италияда вирустун күчөшү апрель айына туура келет. Андыктан бул өлкө карантин режиминен июль айынын соңунда гана чыга алат;
Орусияда карантиндин мөөнөтү июнь айынын ортосунда же июль айынын соңунда аяктайт, эпидемиянын күчөгөн кызуу учуру май айларына туура келет;
АКШда эпидемиянын эпкини июль айынын соңунда кайтышы мүмкүн;
Германияда дагы АКШ сыяктуу эле жай мезгилинин экинчи айында карантиндик режим аяктайт;
Улуу Британияда кызуу учур май айынын аягына туш келгендиктен, ал жактагы карантиндик режим июлдун аягы, август айынын башында токтошу мүмкүн;
Бразилия, Аргентина жана Түштүк Африкада вирусту жуктургандардын кызуу учуру июнь айына туура келгендиктен, бул өлкөлөрдө карантин жай бою жүрүшү мүмкүн;
Францияда карантиндик режим июнь айында токтошу ыктымал;
Вирустун очогу болгон Кытайда жарандар акырындан нормалдуу жашоого кайта башташты. Уханда 8-апрелден баштап карантиндик режим токтотулары маалымдалган.