Бийлик оппоненттерине кол сунса, эл да туура баа бермек

Кыргыздын белдүү жигиттери куугунтукталып, айрымдары камалып чыгышты. Кодуланып атат. Кордук көргөндөрү бар. Айтор, кыйындарга карата кыл аркан тартылгандай эле кыянаттык улана береби? Оор кезеңде ынтымакка келишсе не? “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак” кана, атаганат!
Биз айрым гана көрүнүктүү аттуу-баштуулардын тизмесин келтирели. Алмазбек Атамбаев, Жылдыз Жолдошова, Адахан Мадумаров, Туйгунаалы Абдраимов, Өмүрбек Суваналиев, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Мамбетжунус Абылов, Канатбек Исаев, Алтынбек Сулайманов, Курсан Асанов, Равшан Джеенбеков, Райымбек Матраимов, Жусупбек Коргонбай уулу, Жеңиш Молдокматов, Айбек Бусурманкулов, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Адил Турдукулов, Клара Сооронкулова, Канышай Мамыркулова ж.б. тыңчыкма уул-кыздарыбызга далыбызды салбай, алардын билимин, тажрыйбаларын мамлекет үчүн пайдалансак болбойбу?
“Бектер кетет эл калат, бетеге кетет бел калат” демекчи, бийлик эч кимге түбөлүк берилбейт. Оомат убактылуу гана. Мына ушундай кезеңде коомго, саясый элитага адилеттүү түрдө мамиле жасап, душмандашууну жокко чыгарып, ымалага келишсе (!) деген эле ниет. Биримдүүлүк гана зор ийгиликтердин өтөөсүнө чыгарат. Кыргыз алакандай эл. Бөлүнүп-жарылып, мыктыларды куугунтуктай берүү – аягы жакшылыкка алып барбайт. Андан көрө акылмандык, гумандуулук менен өр таянуу керек. Азыр да кеч эмес, бийлик оппоненттерине кол сунууга мезгил келди. Эл да туура баа бермек. Учурдун күрөө тамырын кармагандай саясат жүргүзүү зарыл. Ооба, бул күндөр да өтөт...