Турсунбек Акун, укук коргоочу: “Кемпир-Абад кетти, эми камалгандарды эркиндикке чыгарып коёлу”
-- Турсунбек мырза, криминалдарга катуу күрөш жарыяланды. Анын аркасы менен Камчы Көлбаевдин тажиясына барган бажычылар тобу менен кызматынан алынды. Криминал жана коррупция каршы күрөш аягына чейин чыгабы же ара жолдо калабы?
-- Ар бир бийлик ишке киришкенде криминал жана коррупцияга каршы аракеттерди көрүшү керек. Бул бийлик криминалга каршы күрөштү кеч баштады. Бул убакка чейин жыйынтыкталып калышы керек болчу. Бирок, кеч башталса да күрөшүн колдойм. Анткени, өлкөдө криминал, коррупционерлер, чыгарган чечимин акча менен өлчөгөн соттор болбошу керек. Ошондой эле бюджетти эңшерип койгон коррупциялык схемалар да жок болушу шарт. Бийликтин күчү жетсе, күрөштү коррупциялык схемаларды жок кылууга да жумшасын.
-- Коррупционерлер менен күрөштө келтирген чыгымын ордуна койгондорду эркиндикке чыгарып туура кылыштыбы?
-- Коррупцияга шектелип кармалгандардын баарын коё берип туура эмес кылышты. Акча берсе эле бошотуп жибербей, акча төлөгөндөрдүн жазасын үч-төрт жыл гана кыскартып, аз-маз эле жеңилдик берип, мамлекеттик кызматта иштебей тургандай кылып коюшса туура болмок. Тилекке каршы, бардык жагынан күрөштү кеч башташты. Эми аягына чыгабы же чыкпайбы, бул жагынан маселе жаралууда. Азыркы бийликтин жакшы да иштери бар. Бирок, баштаган ишти аягына чыгарбай таштап койгон жерлерин да унутпайлы.
-- Тажияга барган бажычылар иштен алынып жаткандан кийин Көлбаевдин апасынын 70 жылдыгына баргандар, даражалуу кызматта отургандарга да баа берилиши керекпи?
-- Көлбаевдин тоюна барган саясатчылар ондоп саналат. “Анын тоюна бардың” деп камаганга мыйзам жол бербейт. Бирок, Көлбаев өлөрү менен тоюна баргандар актанып, кээ бири криминалдарды күнөөлөп сүйлөп жатышат. Алардын минтип сүйлөгөнгө моралдык укуктары жок. “Эл эмне дейт?” дебей эле адалсынып сүйлөп жатышат. Бирок, той эч нерсе эмес. Эл арасында “азыркы бийликтин келишине криминалдар катуу жардам беришкен, шайлоодо кош колдоп колдошкон” деген сөз жүрүүдө. Эл ичинде айтылып жаткан ушул сөздөр чын болсо, анда Көлбаевдин тоюна баргандар эле эмес, алардын жардамын алгандар да жооп бериши керек. Анткени, баарынын моралдык күнөөсү бар болуп калат. Себеби, бийликке келүү үчүн криминалдарды эч ким пайдаланбашы керек.
-- “Кемпирабадчыларды” кандай тагдыр күтөт? Аларда камактан чыгуу мүмкүнчүлүгү барбы?
-- Камалгандар, үй камагына чыккандардын баары 27 адам. Алар толугу менен акталып, камактан чыгышы керек. Анткени, күнөөлөрү жок. Мен укук коргоочу, Кыргызстандын укук коргоо кыймылынын төрагасы катары “буларды айыптоо туура эмес” деп айталам. Себеби, ар бир адам пикирин билдирүүгө, жыйындарды өткөрүүгө акысы бар. Бул мыйзамда көрсөтүлгөн. Демократиялык мамлекеттин өкүлү катары бийликтин чечимдерине каршы керек болсо альтернативдүү пикирин айтууга да укугу бар. Азыркы бийликтин аракетине караганда, Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды соттогонго баратат. Кыргызда “эрегиштен эр өлөт” дейт. Буларды соттогон менен маселе чечилбейт. Мурдагы бийликтин катачылыгын ашыгы менен кайталабай, “кемпирабадчыларга” адилеттүүлүк кылышы керек. Аларды камоо жакшылыкка алып барбайт. Кемпир-Абад кетти, эми аны эч ким кайтарып албайт. Ал эми өз пикирин айткан адамдарды негизсиз камай бербей, чыгарып коюшу керек.