Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коркунучтуу жаңы эпидемия тууралуу айтылууда

Коркунучтуу жаңы эпидемия тууралуу айтылууда

08-февраль, 12:11
1 413 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму “дүйнөдө экинчи пандемия болушу ыктымал” деп билдирди. Пандемия «Nipah» вирусунан же «NiVден» болушу мүмкүн.

«Nipah» вирусу алгач 1999-жылы Малайзияда Нипах дарыясынын жээгин жердеген чочко багуучулардан аныкталган. Андан бери Түштүк Азиянын 12 өлкөсүнө жайылган. Бул дарт симптомсуз инфекциядан курч респиратордук инфекцияга (жеңилден оорго) чейин жана өлүмгө алып келген энцефалитке чейинки клиникалык көрүнүштөргө ээ.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматы боюнча, оору башталганда бейтаптарда төмөнкүдөй белгилер пайда болот:

1. Дене табынын көтөрүлүшү;

2. Баш оору;

3. Булчуңдардын оорушу;

4. Жүрөк айлануу;

5. Тамак оору;

6. Баш айлануу;

7. Уйку келип, шалдыроо;

8. Когнитивдик бузулуу;

9. Курч энцефалитти көрсөтүүчү неврологиялык белгилер;

10. Айрым адамдарда SARS жана катуу дем алуу көйгөйлөрү, анын ичинде курч респиратордук стресс синдрому пайда болушу мүмкүн;

11. Оор учурларда энцефалит жана конвульсиялар өрчүп, 24-48 сааттын ичинде комага алып келет.

Инфекциядан симптомдордун башталышына чейинки убакыт 4 күндөн 14 күнгө чейин деп эсептешет. Бирок, 45 күндүк инкубациялык мезгил да болушу ыктымал. Курч энцефалиттен адамдардын көпчүлүгү толук сакайып кетишкени менен неврологиялык кесепеттери узак убакытка сакталып кала берет. Тагыраагы, айыккандардын болжол менен 20%ын талма жана жеңил когнитивдик бузулуу сыяктуу неврологиялык оорулар көпкө чейин коштоп жүрөт.

Марал FM

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер