Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карыздан кутулуу үчүн кайсы мүчөм жараса сатууга даярмын...

Карыздан кутулуу үчүн кайсы мүчөм жараса сатууга даярмын...

01-декабрь, 12:22
1 534 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Менин бул жазгандарымды окуп, “акыл-эси ордунда эмес го” дешиңиз мүмкүн, бирок андай эмес. Акыл-эсим ордунда, бойтоңдоп ойноп жүргөн беш баланын энесимин. Башыма кыйын иш түшпөгөндө, мындайга бармак эмесмин. Мен дагы балдарымдын жаркын келечегин түзүп, жакшылыгын көргүм келген. Бирок айлам калган жок. Анда кеп башынан болсун!

Атың  өчкүр арак, сени жек көрөм! Азыркы баткан карызым, көз жашым, үй-бүлөмдүн  урап баратканы, ата-энемдин, балдарымдын көз жашы – баардыгы сенин айыңдан.

Уйкусуз таң атырып калганыма бир топ болду, баардыгы карыздын айынан, азгырыктын азабынан болду. Жолдошумдун ишенчээктигинин, арагынын айынан көп карызга батып калганыбыз. Кутулабыз деп аракет кылабыз, бирок кайра артка кеткенибиз кеткен. Жолдошум “бүгүн болбосо эртең жанымды кыям” деп сүйлөнөт.    Ким окуса да туура түшүнөт деген ойдомун. 

Эми сиздерден мага, менден сиздерге жардам болсун. Билем, азыр кыйналып донор таппай жүргөн адамдар болсо, мен сиздерге кол сунууга даярмын. Жаман сөз жазбаңыздарчы?! Жандүйнөм ансыз да ооруп турат. Бул дүйнөдө жок дегенде донор болуп болсо да жакшылык жасап кетейинчи. Кинолордо жүрөгүн дагы донор кылып бергендер бар го, эгер ошол чындап болсо, жүрөгүмдү, бөйрөгүмдү, боорумду берет элем. Комментарийге номериңиздерди жазып койсоңуздар, сөзсүз чалам. 

Жыпара

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер