Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динагүл Оторбаева: “Учурда ковиддин көп жаңы мутацияланган түрлөрү пайда болду”

Динагүл Оторбаева: “Учурда ковиддин көп жаңы мутацияланган түрлөрү пайда болду”

19-июнь, 11:29
856 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө башчылыгынын бөлүм башчысы менен маек.

-- Коронавирус менен ооругандардын жалпы санына токтолсоңуз. Кайсы аймактарда көбүрөөк катталып атат?

-- Республика боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 647 адамды түздү. Ал эми пандемия башталгандан бери 111 миң 990 адам ооруду. Май айларында Бишкек менен Чүй өрөөнүндө ооругандар көп болуп атса, учурда Ош аймагында да ооругандар көбөйүп баратат. 

-- Бул вирустун симптомдору өзгөргөнү жөнүндө да маалыматтар чыгууда. Биздеги ооругандар арасында кандай өзгөрүүлөр болуп атат?

-- Ооругандардын ичинен 15-16%ы эч кандай симптомдору жок өтүп атат. Симптомсуз ооругандар айланасындагы адамдарга коркунуч жаратууда. Акыркы учурларда ковиддин көп жаңы мутацияланган түрлөрү пайда болду. Биздеги ооругандардын арасында британиялык, түштүк-африкалык, россиялык штаммдары бар экени аныкталды. Вирус өзгөргөн сайын анын клиникасы дагы өзгөрүп, жөнөкөй эле суук тийген өңдүү жеңил түрдө өтүп аткан жагдайлар бар.

-- Үчүнчү толкун келатканы тууралуу да айтылды. Мында былтыркыдай коркунучтуу жагдайлар түзүлүп калышы мүмкүн эмеспи?

-- Бир жарым жылдан бери көп нерселер өзгөрдү. Биздин дарыгерлер дарылаганды толук үйрөндү. Керектүү аппараттар, койкалар жетиштүү болуп, лабораториялар ачылды. Ошон үчүн азыр ооруган адамдар убагында кайрылса, дарылоо үчүн баардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар. Анүстүнө былтыркыга салыштырмалуу эл ичинде иммунитет пайда болуп, оору жеңилирээк өтүп атат. Бара-бара бул вирус дагы кадимки эле суук тийген сыяктуу оору болуп калышы керек. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер