Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » КОВИД-19: Июлдагы трагедияны жыл айланбай унуттукпу?

КОВИД-19: Июлдагы трагедияны жыл айланбай унуттукпу?

15-май, 18:55
701 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өтө сактанбасак, эрежелерди сактабасак, кырдаал кайра курчуду. Коронавирустун көбөйүшү жана андан каза болгондор кайра көбөйүп жатканына карабай, Кыргызстанда илдетке кенебес мамиле байкалууда. Коомдук жайларда беткап тагынуу жана башка санитардык эрежелерди сактоого дээрлик көңүл бурулбай калды. Бирок коронавирус азайып калган жок. Күнүгө 400 чамасындагы адамга жугуп, бейтаптардын арасынан күн сайын 5-7 киши кайтыш болууда. Оору баардык аймактарда бар, айрыкча Бишкек шаары менен Чүй облусунда катуу жайылууда.

Ооруга эл арасында кайдыгер мамиле болуп жатканына Бишкектин “тез жардам” кызматынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов да кыжалат  болуп, оюн “Азаттыкка” билдирген. 

Кырдаалды ушул абалда бош койсок, анда былтыркы июлдагыдай трагедия кайталанат. Ошол учурду бир эстебейлиби. Жапырт дүрбөлөңгө түшпөдүк беле? Адамдар оорукананын короосунда өлүп жатпады беле? Бул ойлоп табылган маалымат эмес, факт! Жасалма дем алдырчу медициналык жабдууларды издеп, кезекке туруп, кан суюлтуучу дары таппай калган күндөр болду. Кеңеш сураганга дарыгер издегенбиз. Ал учурда баарыбыз оорудан коркуп жаттык. Ошол эле адамдар, ошол эле коом. Бирок жыл айланбай эле баарын унуттук. Мындайча айтканда, баарыбыз көңүл ачып эле жүрөбүз


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер