Толубайдай идеалыбызды кууратып, абийрсиз Азиз хандардын жолуна түштүк

Улуттук казынабыздагы Толубай сынчы жөнүндөгү тарыхый уламыш баян, мунун негизинде жазылган Алыкул Осмоновдун «Толубай сынчы» поэмасы биз сабак ала турган орчундуу ойлорго, олуттуу идеяларга, асылбаа руханиятка эгедер, бүгүнкү турмушубуз менен ассоциацияларды жаратып турган залкар көркөм мурас. Бул чыгарманы окуу аркылуу бүгүнкү күн үчүн кээ бир керектүү жыйынтыктарды жасаса болот.
«Толубай сынчы» поэмасынын сюжетине келсек, анда адегенде сөз эл бийлеп, азуусун айга жанып турган каардуу Азиз хан жөнүндө болот.
Талаада жаткан жылкынын куураган башын нагыз тулпардын башы деп таанып, кейип отурган абышканын сынчы экендиги билингенден кийин Азиз хан Толубайды ордосуна алдырып келет.
Эртеси Азиз падыша Толубай чалды —
Вазирден тез чакыртып жанына алды.
Астынан эсеп жеткис жылкы айдатып,
Ичинен тулпар тап деп кыйноо салды.
Азиз хандын жылкылары Толубай сынчынын алдынан күн бою чубайт. Не бир ыргыштаган, асмандаган, көркү көз жоосун алган укмуштай жылкылар Толубайдын көз алдынан чубап өтөт. Азиз хан байлыгына мактанып, өзүн сыймыктуу, мартабалуу кармап, жылкыларынын канчасын сынчы абышка “тулпар” деп табар экен деп, эч нерседен шектенбей күтүп турат. Бирок чубаган жылкылардын бирин да Толубай чыныгы тулпар деп таппай, Ханды бейпайга салат. Каардуу Азиз хандын алдында жагымпоздонуп, жылкыларын мактабай, өзүнүн сынчылык ички ишенимине бекем турат. Сынчынын сыйынганы – чындык эле. Чубап өткөн сан жылкынын ичинен татыктуу тулпарды таппай, алаканын жаят. Буга ызасы келген Азиз хан жылкылары чубап бүткөндөн кийин “айылдагы акыркы атка чейин таап алып келип, сынакка салгыла” деп каардана буйрук берет. Ханга “баары сыноодон өттү. Бир гана Кармыш кулдун бозу калды” деп эл чурулдап жиберет. Акыры ал атты да Толубайдын алдына алып келишет. «Кармаш кулдун бозу» дегени айылдын четинде эптеп илкий басып, өзүнчө темселеп оттоп жүргөн жаман чобур болуп чыгат. Дал ушул сылтый баскан жаман чобурду көргөндө Толубай карыя ордунан ыргып тура калып, “падышам, анык тулпар ушул!” деп кыйкырып жиберет. Ушул жерден хан менен сынчынын ортосунда трагикалык кагылыш болуп өтөт. Сынчынын чындыгы менен жалган сөөлөт күткөн хандын сокур намысы бетме-бет келет. Толубайдын бул сөзүн шылдың катары кабыл алып, Азиз хан каардана “кесирдүү сынчынын эки көзүн ойгула!” деп буйрук берет. Мынакей, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген дөөгүрсүгөн бийликтин жүзү! Кыргызда “хан бийлигинен нарк өйдө” деген сөз бар. Бул жерде чындыктын, акыйкаттын наркынан хандын бийлиги жана эрки жогору коюлду. Натыйжада күнөөсүз адамдын тагдыры оюнчукка айланып отурат.
Көзүнөн кан шорголоп турса да Толубай кайратын жоготпой, өз чындыгын далилдегиси келип, Азиз ханга “мени бөөдө жазаладың, эми көзүмдүн куну үчүн ушул жаман бозду мага бергин, кимибиздин жаңылганыбызга Кудай өзү калыс болсун” деп кайрылат. Азиз хан “ала бер” деп басып кетет.
«Кармыш кулдун бозу» деп аталган бул жылкыга кишилер катардагы эле демейки унаа катары, күндөлүк чарбачылыкка пайдалана турган жумушчу ат катары карашып, кулун, тай кезинен жанын койбой жонун жоорутуп минишип, ойго-тоого жүк жүктөп шайын кетиришип, акыры ал бечараны “кыбырап сылтый баскан, кырчаңгы, арык, ачка, эшек кейпиндеги” чобурдун деңгээлине чейин жеткизишкен. А бирок бул чобур зилинде тулпар тукумунан болуп, энесинен күлүк туулган жаныбар эле. Жайнаган көп элдин ичинен жалгыз гана Толубай сынчы Кармыш кулдун жаман бозунан тубаса күлүктүн сынын көрүп отурат.
Чыныгы күлүктү, тубаса тулпарды тапканына, ошондой эле адамдардын түркөй мамилесинен чүнчүп кор болгон бечара жылкынын багын ачканга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө каниет кылган Толубай сынчы «Кармыш кулдун бозун» эч кимге көрсөтпөй, кемпири экөө көмүскө жерде сылап-сыйпап, баладай бапестеп багышат. Акырында аздектеп багып отуруп, аярлык менен таптап, табына келтирип, тулпар катары тирилтип, соңунда жарышса жан жетпеген, кууса мал жетпеген, учкан куш менен жарышкан күлүккө айлантат. Бир сөз менен айтканда, Толубай сынчы саяпкер жаман боз аттын жерге көмүлгөн тагдырын кайра жаратып, күлүктүгүн өзүнө кайтарып берет. “Кармыш кулдун бозунун” тагдырында болуп өткөн чукул бурулушка байланыштуу ысык-көлдүк даанышман Мойт Акенин төмөнкү сөзүн эстөөгө туура келет: “Саяпкери жарашса, күлүккө канат бүткөндөй болот. Мыкты саяпкер күлүктүн табын гана билбестен, күлүктүн көөнүн да табат. Анын эч жерине керт кетирбестен, ичи-тышына кир жугузбастан, күлүк менен кадимкидей баарлашып, кирпигин, жүнүн, туягын, жал-куйругун карап, ысык-суук аралатпай, алдан-күчтөн тайгылтпай, сылап-сыйпап, астейдил барктап-баптап асырайт. Өз тарабынан күлүк да муну сезет, туят. Жылкы жаныбар акылдуу эмеспи. Мына ушунун өзү күлүк менен саяпкердин сүйлөшүүсү болот, өз ара көңүл табышкан саяпкер менен күлүк бири-биринин шагын сындырбайт. Саяпкердин зоболосун көтөрүп, табына келген күлүк көкүлүн желге сапырып, эл көзүнө көрүнүп, көрктүү кенен арыш таштайт. Эгерим, кандайдыр бир себеп менен күлүктүн шамы күйбөй, бактысы ачылбай, мөрөй алып бере албай калган шартта да, анын шагын сындырбоо керек. Демейде адам муну байкабаганы менен жылкы жаныбар ээси менен кабарлашып турат. Ошондуктан жылкыны эч качан башка чаппоо керек. Өзгөчө күлүктү башка чапса, анын касиети кайтат, көңүлү сууйт. Ээсине таарынган күлүк кандай табы келип турса да, чечилип тер төгүп чуркабай коюшу мүмкүн”.
Мойт Акенин бул сөздөрү эмне деген укмуш сөздөр! Көрсө, күлүктү күлүк кылган нерсе, ага берилген жем-чөп, толтура тоют эмес, саяпкердин аярлуу адамгерчилиги, сылап-сыйпаган сылык мамилеси, эбин таап, төгүлгөн мээрими, таптаган тарбиясы экен. Жарыктык жылкыны күлүк кылган саяпкердин мээрими тура. Бул өзүнчө эле бир ачылышка тете сөз го.
“Толубай сынчы” поэмасы тереңге буккан подтекстерге бай. Аларды сезе билүү керек. Толубай сынчынын дал ушундай айбанаттын сырын, жандүйнөсүн туюп турган, аяп турган кылдаттыгы, гуманисттик асылдыгы чобур аттын бактысын ачууга себеп болуп берди. Толубайдын жандүйнө аярлыгы, аруулугу, акыл бийиктиги, Мойт Акенин өйдөкү алтындай акыл асылкечтиги кыргыз элдик гуманизминин тереңдерди жиреген улуу көрүнүшү.
Айта кете турган нерсе, балага да дал ушундай кылдат, мээримдүү, адамгерчиликтүү мамиле зарыл. Мээрим – педагогиканын кыймылдаткыч күчү, “мугалими күндөй тийсе чачырап, окуучусу бажырайып, гүлдөй жайнап ачылат” деген сөз бекеринен айтылбайт экен да.
Айтмакчы, бир турмуштук фактыны алдыга тарта өтөлү. Саяпкердин өзүнө жасаган аяр, жапакеч, камкор мамилесин жылкы баласы да терең туюнат экен. Ысык-көлдүк атактуу саяпкер Жумадыл Баячор уулу 1962-жылы каза болгондо күлүгү Карагердин кандай абалда болгондугун Жумадылдын кызы Батыйгүл минтип эскерет: “Ошондо короодо турган Карагер аттын көз жашын төгүп ыйлаганын көрүп, эл бир чети кошо ыйласа, бир чети жылкынын сезимтал туюмуна айран таң калышкан. Күлүк кадимкидей аза күтүп, жем жебей, чөп кыркпай, суу ичпей арыктай баштаганын көрүшүп, аны эс алып семирсин деп жайлоого жиберишти. Көп узабай эле жарыктык Карагер жайлоодон кырсыктап өлүп калган экен”. (Китепте: Интеллигенция жана улут келечеги. – Бишкек, 2020, 162-бет).
Чобур аттан чоң тулпарга айланган кечээки Кармыш кулдун бозу да Толубай сынчынын бапестеген мамилесине эргип, алып учуп турат. Толубай кемпири экөө туягынан от жанып, табына келген тубаса күлүктү алчактата минишип, Азиз ханга келип, “эми эр болсоң, намысың болсо жетип ал” деп боз тулпардын тизгинин коё берет. Азиз хан баягы ыргыштап турган аттары менен куугунга түшөт.
Акырында Толубай кууп жетпей калган Азиз ханга кайрылып, «жаман боз мен минген ат таанып кара, падышам сын баркына жете албадың, акыры ээн талаада сен маскара» деп шылдың сөзүн айтат да, алдыга сызган бойдон кетет. Бул каардуу бийликтин үстүнөн болгон рухтун жеңиши эле.
Толубай сынчынын көрөгөчтүгүн, керемет касиетин карачы! Бул саяпкер сынчы ар бир жылкынын жекече өзгөчөлүгүн, өзүнчө айырмачылыгын туюп, сезип турган. Толубай сынчы арттагы дүбүрттү угуп, кемпиринен “кандай аттар экен?” деп сурап жатат. Кемпири артка кылчайып, такымдап кирип келген күлүктөрдү мүнөздөп берет. Ошондо Толубай “жете келген жээрде кашка аттын маңдайы, мээси жука, күндү карап чап, жетпей артта калат” деп айтып атат. «Чоң күрөң боз» болсо, “бу жаныбардын туягы жука, таштакка сал” деп сынчы кемпирине кеңеш берет. Кемпири чалынын айтканын айткандай кылганда, жээрде кашка менен күрөң боз караандабай артта калат. Мына ушинтип, куугун учурунда ар бир атка жасаган жекече мамилеси Толубай сынчыга ийгилик алып келет.
Бул жерде айталы дегенибиз, поэмада кеп ат жөнүндө болуп жатса да, мында биз таалим ала турган осуят бар. Бул жерде элдик педагогиканын акылман нускасы жатат. Бул – каймана, кыйытып ишара кылынган өзүнчө бир педагогикалык символ. «Толубай сынчы» чыгармасынан бүгүнкү тарбиячы ар бир баланын жекелигин табуу, ар бир кулунчакка индивидуалдуу мамиле жасоо философиясын үйрөнсө болот. Чынында эле элдик педагогикабыз образдуу туюнтулган адабий метафораларга оронгон идеяларга канчалык бай? Бүгүнкү инновациялардын заманында этникалык кыртыштагы өлбөс гуманисттик баалуулуктарды өздөштүрүү бизди канчалык байытмак?
Чын-чынында, терең карасак, ар бир бала өзүнчө бир жаткан күлүк. Ар бир окуучунун ары тереңинде күлүктүн күчү бугуп жатат. Балдардын ар биринин ичинде учууга канат бар, бирок өкүнүчтүү нерсе, бир катар учурларда биз өзүбүздүн ийкемсиз мамилебиз жана методикабыз менен, авторитардык өкүмчүлдүгүбүз менен “тубаса тулпардын туягын ташыркатып”, басмырлап, баланын өзүнө болгон ишеничин кыйратып, барып-барып күлүк төрөлгөн чүрпөнү “чобур” инсанга, башы маалыматтардын ыкыр-чикирине толгон “челекке” айлантып коюп жатпайбызбы!
Акылман сынчынын хандын алдында бөйпөңдөбөй, чындыкка тике караган олуттуулугу, сынчылык, саяпкерлик ажайып чеберчилиги, гуманизми, өз чындыгын коргой билген каармандыгы, тагдырдын оор соккусуна туруштук берген жеңишчил руху менен да бизге үлгү жана өрнөк. Терең байкасак, Толубай сынчы, анын чынчылдыгы, чындыкты кандай кырдаалда болбосун коргой билгендиги, чындык үчүн эки көзү оюлуп калган күндө да каармандык менен күрөшкөндүгү, көрсө, биздин улуттук коломтобуздагы идеалыбыз экен. Эгемендүүлүктүн жылдарында биз ушул идеалыбыздан оолак калдык. Төмөнкү ыр саптары бекеринен жаралган эмес:
Ашып-ташып байлык, бийлик кумары,
Тебеленди асылдыктын тумары.
Ыйман калып ыргытылган буюмдай,
Идеалдар чөп өңдөнүп куурады.
Бир сөз менен айтканда, чындыкты туу кылган Толубай деген идеалыбызды, символубузду чөп өңдөнтүп кууратып, абийирсиз Азиз хандардын жолуна түштүк. Чындыкты тебеледик, коррупциянын, трайбализмдин, бийликке көшөкөрлөнүүнүн, конформизмдин сазына тыгылдык. Идеалдардан ажыраганда адамдар да нравалык жактан чөп сыяктуу куурай баштайт экен. Мындай жагдай кандай натыйжага алып келгендигин төмөнкү саптардан көрөлү:
Шайлоолордо түлкүлөргө алданды,
Акыйкаттан адашышкан жарандар.
Тулпарларды тизеге чаап жагышып,
Эшектерге жол ачышты кайрандар.
Мынакей, идеалсыз, Толубайсыз жашоонун кесепети. Идеал – бул жеке адамды да, мамлекетти да ич жактан тиреп турган, шыктандырып турган улуу күч. Жеке инсан да, коом да, мамлекет да идеалы жок жашай албайт. “Асты бир киши жарыбайт, сыйынары болбосо” деп акын Нурмолдо бекер айткан эмес. Улуу сынчыбыз Толубайдын чындыкты туу туткан адеп-ахлак идеалына кайтып келишибиз – кыргыз коомунун мындан аркы рухий саламатчылыгынын кепилдиги болмок.