Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темир Сариевдин “Бүтүн Кыргызстанга” биригүүсү олуттуу таасир жаратат

Темир Сариевдин “Бүтүн Кыргызстанга” биригүүсү олуттуу таасир жаратат

16-август, 12:35
1 979 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурда “Бүтүн Кыргызстан” партиясына мурдагы ички иштер министри, генерал Өмүрбек Суваналиевдин кошулганы коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, кызыгуу жараткан эле. Коопсуздук кеңешинде кызматта туруп, мындай кадамга баруусу көпчүлүк астында күтүүсүз жүрүш катары сыпатталган. А биздин билгенибиз боюнча, Адахан Мадумаров менен Өмүрбек Суваналиев көп жылдардан бери жолдошчулук мамиледе келатканы белгилүү. Аныгында, бул биригүү башкаларды да шыктандырып, келечекке карай ишеним, үмүт жаратканы айдан ачык көрүндү.

Кечээ “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев менен Адахан Мадумаровдун ортосунда сүйлөшүүлөр болгону, парламенттик шайлоого чогуу аттанууга ниет кылышканы ачыкталды. Экөөнүн сөзү бир жерден чыгып, Темир Сариев “Бүтүн Кыргызстанга” баш байласа, анда чоң күчкө айланышары, алдыдагы аламанда олуттуу таасир жаратышары бышык. Жеңишке жетүү үчүн көп учурда амбицияларды артка таштап, саясатчылардын ымалага келиши маанилүү. Учурда эки тарап тең бири-бирине муктаж. Бөксө жерлерди толтурууга, түндүк-түштүктү чыңдоого жана реалдуу күрөштө алдыга озуп чыгууга мезгил келди. Андыктан, ынтымак, мамлекетибиздин келечегине карай санаркоонун дал келиши, эртеңки муундун тагдырына кайдыгер карабоо сезимдери кол кармашууга жеткирсе керек. Таза, каршылык көрсөткөн саясатчылар калың элдин көңүл борборунда болот эмеспи. Анан калса, “Бүтүн Кыргызстан” чыныгы оппозициячыл күчтөрдүн очогуна айланууда, мунун өзү жетиштүү добуш алууга өбөлгө түзөт...

А түпкүлүгүндө, Темир Сариев бул кадамын туура таштап, Адахан Мадумаров менен альянска барса, мындан аркы саясый карьерасында алдыга секириктер болору шексиз. 2023-жыл деле тез эле келет… 


Aryba.kg  

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер