Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлкөдө коронавирус менен жабыркаган балдардын саны көбөйүүдө

Өлкөдө коронавирус менен жабыркаган балдардын саны көбөйүүдө

22-июнь, 19:02
2 789 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу “Супер кж” сайтына республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев билдирди. Анын айтымында, учурда ооруканаларда коронавирус жуктуруп алган жалпы 22 бала дарыланып жатат. Алардын кичүүсү алты айлык болсо, улуусу 16 жашта. Ошондой эле дарыгер ооруканада дарыланып жаткан балдардын абалы орточо оор экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, соңку суткада өлкө боюнча дагы 931 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталып, ушуну менен илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 116 миң 546 болду. Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну болуп жаткандыгын расмий тастыктады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер