Акылбек Абаралиев баштаган дарыгерлерге алкыш!
Бул жашоо турмушта ар кандай жагдайлар болот тура. Ардактуу эс алууга чыкканда ден соолугуң оң болбосо, кудайлап калат экенсин. Убагында маани бербей жүрүп, бөйрөгүмдү оорутуп алыптырмын. Анан бир убакта эле ичим бурап ооруп, дарыгерлердин сунушу менен республикалык урология илимий борборуна барууга туура келди. Эми мамлекетибиздеги көп эле саламаттыкты сактоо мекемелеринде болгом, мындай тартипти, иреттүүлүктү, тазалыкты, бийик деңгээлди көрбөптүрмүн. Оорулуулар да кезегин беришип, дароо жаш врачтар менен медайымдар УЗИден, рентгенден өткөрүшүп, канды текшеришип, дароо төртүнчү кабаттагы 3-палатага жаткырышты. Ичим чыдатпайт тим эле. Доктурлар эмне десе да макулмун. Ооруну басаңдатчу уколду сайышты. Жогорку категориядагы келечектүү, аракетчил врач Акылбек Абаралиев аябай иликтеп, бөлүм башчы, медицина илимдеринин кандидаты Бакыт Боталиевди да чакырып, кеңеш сурап, чукулунан операция жасоону чечишти. Мен баардык сунуштарга макул болдум. Келинчегим кашыман кетпей колдоп турду.
Кийинчерээк сураштырсам, жалпы наркоз бериптир... Акылбек Абаралиев, кесиптештери Адилет Абдыбеков, Акай Турдумамбетов жана мээрман медайымдар Нургиза Камчыбек кызы, Айжамал Молдобаева, Кемел кызы Перизат менен татаал операцияны ийгиликтүү жасашып, ташты алышып, сакайтып чыгарышты. Жаным көзүмө көрүнүп жатты эле, эми аста айыгып, акырындап баса баштадым. Ошондуктан адамдын өмүрүн сактап калууга бүт күч-аракетин, билимин жумшашкан жогоруда аталган жана айрымдарынын ысымдары аталбай калган урология бөлүмүнүн шыпаагерлерине терең ыраазычылыгымды билдирип, алардын өздөрүнө да чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалайм. Ушундай кесипкөй, боорукер, мыкты ак халатчандар биздин өлкөнүн келечеги да...
Адылжан Жажанов, Кыргызстан улуттук жазуучулар жана журналисттер союздарынын мүчөсү, эмгек ардагери
"Азия Ньюс" гезити